Түрк басма сөзү 17.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1585146
Түрк басма сөзү 17.02.2021

«Хабер түрк» гезити «Операциялар кеңейтилүү менен улантылат» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Ирактын Гара аймагында ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн ийгиликтүү операцияны коркунучтуу жерлерге карата кеңейтүү менен улантыларын айтканын жазган. «Террористтерге мүмкүнчүлүк бербейбиз» деген Эрдоган  : «Коопсуз абалга алып келген жерлерибизде канчалык  болуу керек болсо ошончолук болобуз»,- деди.

«Ватан» гезити «ПКК 1984 -  жылдан бери 6021 жарандык кыргын кылды» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Түркия Улуттук Парламентинде берген билдирүүсүндө Ирактын түндүгүндөгү ПККга карата операциялардын үзгүлтүксүз улантылып жаткандыгын айтканын билдирген. Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да 1984 -  жылдан бери ПККнын 6021 жарандык кыргын кылгандыгын белгилеп, бул кыргындарга үн катпаган чөйрөлөргө каршылык көрсөттү.

«Йени шафак» гезити «Жарандарды коргогон бир гана эл аралык күч түрк аскери» деген маалыматында АКШнын алдыңкы гезиттеринен New York Timesта жарыяланган жазууда Түркиянын 5 миллионго жакын жерлеринен чыккан жана коргоосуз жаранды коргогон бир гана эл аралык күч экендигин билдиргенине орун берген. Жазууда Сирияда  Башар Асад режиминин кыргындары менен жарандардын ортосунда  турган бир гана түрк аскери экендиги айтылган.

«Стар» гезити  «Ирандык адистер Түркияны жаңсап : Арага кириши мүмкүн» деген кабарында Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк  келишимге кайтуу тууралуу туңгуюктун уланып жаткандыгын маалымдаган. Гезит ирандык адистердин  Тегеран  -  Вашингтон ортосунда ылайыктуу арачы өлкөлдөрдүн Түркия, Катар, Россия жана Кытай боло аларын  ойлоп жатканын жазган. Өзгөчө Түркия менен Катар, АКШ жана Иран менен жакшы карым  - катнаштарга ээ болуу менен кирге Иранга карата санкциялардын туура эмес экендигин айтууда.

«Хүррийет» гезити «Жүнейт Чакыр 21 -  кылымдын мыкты экинчи калысы» деген жазуусунда Эл аралык футбол тарыхы жана Статистикалык федерация 2001 – 2020 – жылдарды камтыган мезгилдин эң мыкты калыстар тизмесин  жарыялаганын кабарлады. Эл аралык футбол тарыхы жана Статистикалык федерациясы жыл сайын жюринин добушу менен белгиленген мыктылар тизмесин база катары алып даярдаган тизмеде немис Феликс Брих 140 упай менен алдыңкы орунду алды.  Жүнейт Чакыр Брихтен бир упайга артта калып экинчи орунду алса,  британиялык Ховард Уэбб 137 упай менен үчүнчү орунду алды. 1998 – 2003 -  жылдары бири биринин артынан алты жолу мыкты калыс болгон италиялык Пирлуиджи Коллина 94 упай менен 11- орунду алды.



Тектеш кабарлар