Түрк басма сөзү 16.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1584322
Түрк басма сөзү 16.02.2021

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган АКШга каршылык көрсөттү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ берген билдирүүсүндө  ПКК жикчил террордук уюмдун Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында 13 түрк жаранын шейит кылганына үн катпаган АКШга каршылык көрсөтүп : «ПККнын ЙПГнин жанында эмес экениңерди айткан элеңер. Жанындасыңар жана аркасында турасыңар»,- деди.

«Стар» гезити «АКШнын элчиси Саттерфилд тышкы иштер министрлигине чакырылды» деген маалыматында тышкы иштер министрлигинин АКШнын ПКК террордук уюмунун кыргынына байланыштуу билдирүүсүнө күчтүү каршылык көрсөткөнүн билдирген. Министрликтен берилген маалыматта : «АКШнын элчиси Дэвид Саттерфилд министрлигибизге чакырылып каршы чыгуубуз күчтүү түрдө билдирилди»,- деп белгиленди. АКШнын тышкы иштер министрлигинен Ирактын Гара аймагында ПКК террордук уюмунун 13 түрк жаранын шейит кылынышына байланыштуу  берилген билдирүүдө : «Түрк жарандарын ПКК террордук уюмунун өлтүргөндүгү тууралуу кабарлар туура болсо бул кыймылды катуу айыптайбыз»,- деп жазылган.

«Сабах» гезити «Министр Чаушоглу америкалык кесиптеши Блинкен менен сүйлөштү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган.  Эки тараптуу карым  - катнаштар жана терроризм менен күрөшүү темалары каралган сүйлөшүүдө Блинкен министр Чавушоглуна шейит болгон 13 түрк жараны үчүн көңүл айтты жана мындан ПКК террордук уюмунун жооптуу экендигин белгиледи.

«Ватан» гезити «Улуттук Чалгындоо Уюмунан ФЕТӨ операциясы» деген кабарында камоо чечими чыгарылган ФЕТӨнүн мүчөлөрү Гүрбүз Севилай менен Тамер Авжынын  Улуттук Чалгындоо Уюмунун жүргүзгөн операциясында кармалып Өзбекстандан Түркияга алып келингендигин маалымдаган. Гүрбүз Севилайдын Ирак жана Сирияда ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ/СДГ террордук уюмуна курал  өткөргөндүгү жана уюмдун жооптуулары менен жолушукандыгы белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Месут Өзил  кол койгон форма рекордго жетти» деген макаласында Месут Өзил Фенербахчеге трансфер болгондон кийин өткөн кол коюу аземинде атайын даярдалган жана Өзилдин колу коюлган 3 форманын жалпы 36 миң 50 еврого сатылганын кабарлаган. Сызыктуу форма 26 000 евро менен Matchwornshirt сайтынын ушул кезге чейин сатыкка чыккан бардык формалардын арасында эң жогорку сумма менен рекордго жетти.



Тектеш кабарлар