Түрк басма сөзү 28.01.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1572749
Түрк басма сөзү 28.01.2021

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган Илон Маск менен сүйлөштү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Тесла жана SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск менен телефон аркылуу сүйлөшткөнүн маалымдаган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Түркиядагы мамлекеттик жана жеке менчик сектор мекемелери, компаниялардын ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташтыкка байланыштуу маселелер, анын ичинде космостук технологиялар талкууланды.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Түркияга мактоо сөздөрү» аттуу маалыматында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) Түркиядагы өкүлү д-р. Батыр Бердиклычевдин Түркияда жүргүзүлгөн эмдөө иштерине жогору баа бергенин маалымдаган. Бердыклычев: «Өтө кыска убакыт ичинде 1 миллиондон ашуун адам эмдөөдөн өттү. Түркиядагы улуттук эмдөө программалары жана мүмкүнчүлүктөрү абдан күчтүү жана натыйжалуу пайдаланылды»,- деди.

«Стар» гезити «Түрк илимпозунан чоң ийгилик»деген кабарында Австриядагы Procomcure Biotech компаниясынын негиздөөчүсү жана улук менеджери, түрк илимпозу Проф. Д-р. Камил Өндер Англияда пайда болгон коронавирустун мутацияланган түрүн тез аныктаган ПЦР тестин иштеп чыкканын маалымдаган. Өндер: «(Тесттердин) натыйжасы 60-90 мүнөттө чыгат. Бардык процесс ырааттуулукка муктаж болбой эле жүрөт. Бул абдан арзан жана өтө тез, бул чоң артыкчылык»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Түркияны оордук борборуна айландыра турган цифралар жарыялаганды» деген кабарында Эл аралык Валюта Корунун (IMF) божомолунда, Түркия пандемия башталгандан бери болгону сыяктуу быйыл дагы өсүүсүн улантаарын жарыялаган. Өсүшүн улантууга багытталган күчтүү чараларынан улам Эл аралык Валюта Корунан (МВФ) Түркияга көңүлдү көтөрө турган жогору баа берилди. Фонддун маалыматы боюнча, быйыл Түркия 6 пайызга өсөт. Бул Түркияны тартуу борборуна айлантат.

«Йенишафак» гезити «Дүйнөлүк жылдыз кол койду» деген кабарында Фенербахче Арсеналдан акысыз түрдө штатына кошуп алганын дүйнөгө белгилүү жылдыз оюнчусу Месут Өзилге кол коюу аземин уюштурганын баяндаган. Салтанатта сары-көк команданын формасын кийип чыкканына абдан кубанычтуу экендигин айткан Месут Өзил: «Бул Фенербахче үчүн түш болду, бул мен үчүн кыял болчу. Эки тарап үчүн тең сонун байланыш болот»,-деди.



Тектеш кабарлар