Түрк басма сөзү 14.01.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1563457
Түрк басма сөзү 14.01.2021

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган жарыялады; Анын атамекендик жана улуттук болгонун түптөйбүз» аттуу маалыматында порезидент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын ички жана улуттук инфраструктурасынын күчүн кааланган деңгээлге жеткире тургандарына ишенишкенин белгилегенин маалымдаган. Эрдоган кечээ Президенттик комплексте, Радио жана телекөрсөтүү боюнча журналисттер ассоциациясынын 2019-жылдагы Медиа Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде, «Буюрса атамекендик жана улуттук болгонун түптөйбүз»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Түркия, Пакистан жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери Исламабадда жолугушту» аттуу маалыматында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Пакистандын борбор шаары Исламабадда өткөн Түркия-Азербайжан-Пакистан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөнүн маалымдаган. Жолугушууда көптөгөн тармактарда биргеликте иш алып барууну чечишкендиктерин баса белгилеген Чавушоглу: «Коопсуздук, ырааттуулук жана бакубаттуулукту жогорулатуу үчүн маанилүү кадамдарды жасоону чечтик», - деди.

«Хабер түрк» гезити «Путинден Президент Эрдоганга Карабах телефону» аттуу маалыматында Россиянын президенти Владимир Путин президент Режеп Таййип Эрдоганга теелфон аркылуу байланышып дүйшөмбү күнү Москвада Тоолуу Карабах маселеси боюнча Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен болгон үч тараптуу жолугушуусу жөнүндө маалымдаганын баяндаган.  Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түркия менен Россиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо кадамдары талкууланды, Түркия менен Россиянын биргелешкен көзөмөл борборундагы өнүгүүлөр менен Тоолуу Карабахта ок атышпоо режимин көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча Түркия-Орусия биргелешкен борборуна баа беришти.

«Стар» гезити «Саламаттык сактоо министри Кожага биринчи CoronaVac вакцинасы берилди» деген кабарында өзгөчө кырдаалда колдонууга уруксат берилгенден кийин, борбор шаар Анкарадагы оорукана шаарчасында биринчи CoronaVac вакцинасы саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага сайылганын жазган. Кожа ар бир адамга сөзсүз түрдө эмдөө керек экендигин баса белгилеп: «Себеби эмдөө бул оорунун алдын алуунун эң маанилүү жолдорунун бири. Кадимки, эски жашообузга кайтуу үчүн сөзсүз түрдө вакцина алышыбыз керек»,-деп баа берди.

«Хүррийет» гезити «Министр Варанк; Ноябрь айында өнөр жай өндүрүшү эң көп өскөн өлкөлөрдүн бири болдук» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын кечээки билдирүүсүндө, Түркиянын ноябрь айындагы өнөр жай өндүрүшүн эң көп жогорулаткан өлкөлөрдүн бири болгонун белгилеп: «Учурда бардык өндүрүш тармагыбыз кыйынчылыктарга карабастан, жылдык 11% , айлык болсо 1,3% жогорулоо менен базар күтүүлөрүнөн жогору болду. Биздин максат бул тенденцияны өндүрүштө 2021-жылы дагы улантуу»,дегенин баяндаган.



Тектеш кабарлар