Түрк басма сөзү 13.01.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1562645
Түрк басма сөзү 13.01.2021

 

«Сабах» гезити «Эрдоган Европа Биримдигинин элчилери менен жолугушуусунда маанилүү билдирүүлөрдү айтты» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Европа Биримдигинин (ЕБ) элчилеринин жыйынында Грецияга чакырык салып: "Биз Грецияны чыңалууну күчөтүүнү токтотууга чакырабыз. Чыгыш Жер Ортолук деңизин атаандаштыктын аймагынан чыгарып, биздин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарыбызга кызмат кылган кызматташтык бассейнине айландырышыбыз керек",-деп айтканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Европа Биримдиги боюнча билдирүүсү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Анкарада Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн элчилери менен болгон жолугушуусунда, «Биз реформанын күн тартибинде чечкиндүүбүз. ЕБ бизди колдошу керек. Биз келечегибизди Европада көрөбүз жана аны чогуу кургубуз келет»,- деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Улуттук тик учактын кыймылдаткычы ийгиликтүү ишке киргизилди» аттуу маалыматында атамекендик биринчи жалпы максаттуу тик учак болгон «Гөкбей» тик учагына бириктириле турган TEI-TS1400 улуттук тик учак кыймылдаткычынын биринчи прототиби «TS3төн» кийин «TS4» ийгиликтүү иштетилгенин маалымдаган.

«Стар» гезити «Түркиянын цитрус жемиш кампасы Чыгыш Жер Ортолук деңизден экспорт» деген кабарында Түркиянын цитрус экспорту 71 пайызын түзгөн Мерсин, Хатай жана Аданадан өткөн жылы 661 миллион 787 миң долларлык цитрус экспорттолгонун маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Алгач Хакан Чалханоглу, эми Юсуф Языжы» аттуу кабарында түрк футболчулары Европадагы атагын улантып жатканын баяндаган. Хакан Чалханоглу декабрь айында Италияда айдын мыкты футболчусу сыйлыгын жеңип алгандан кийин, бул жолу Юсуф Языжы Франциянын күн тартибине кирди. Франциянын 1-Футбол Лигасынын командаларынын бири Лиллде ойногон улуттук футболчу айдын мыкты футболчусуна Улуттук Кесиптик Футболчулар Ассоциациясы (UNFP) тарабынан көрсөтүлгөн. Декабрь айынын футболчусу ЮНФПнын сайтында берилген добуштар менен аныкталат.



Тектеш кабарлар