Түрк басма сөзү 08.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1559711
Түрк басма сөзү 08.01.2021

«Стар» гезити «Албаниянын премьер  - министри Раманын АСЕЛСАН сапары»  деген маалыматында вице  - президент Фуат Октай кечээ Албаниянын премьер  - министри Эди Рама менен Аскердик электрондук өнөр жай  АСЕЛСАНга баргандыгын жазган. Жакынкы мезгилдерде Албаниянын шаарлары менен жолдорунда АСЕЛСАН тарабынан чыгарылган технологиялардын колдонулушун каалагандыгын белгилеген Рама түрк технологиясынын абдан таасирлентүүчү экендигин айтты.

«Ватан» гезити «Министр Сойлу Греция күнөөсүз адамдарды өлүмгө түртүп жатат, Европа карап турат» деген макаласында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун Грециянын качкындарды өлүмгө түрткөндүгүн, Европанын карап тургандыгын белгилегенин жазды. Сойлу кечээ твиттерден Грециянын жээк коопсуздук элементтеринин качкындарды куткаруунун ордуна алардын өмүрүн коркунучка салып түрк сууларына түрткөндүгү, качкындардын түрк жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылганы жана качкындардын айткандары орун алган көрүнүштөрдү жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «Министр Дөнмез : алтын өндүрүшүбүз өткөн жылы республика тарыхынын рекордуна жетти» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин кечээ берген маалыматында Түркиянын алтын өндүрүшүнүн коронавирус эпидемиясына карабастан жылдын акырында республика тарыхынын рекордуна жетип 42 тоннага жеткендигин айтканын белгилеген. Дөнмез ушундайча экономикага 2, 4 миллиард долларлык салым кошулгандыгын айтты.

«Йени шафак» гезити «82 миллионго жакын жүргүнчүнүн тандоосу учак болду» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министрлигинин мамлекеттик  аба майдандарын иштетүү мекемесинин маалыматына караганда жалпы Түркиядагы аэропорттордо 2020 -  жылы кызмат берилген жалпы жүргүнчү саны 81  миллион 657 70 деп катталганын жазган.

«Сабах» гезити «Түрк дарыгерине медицина дүйнөсүнөн мактоо» деген жазуусунда Мармара университетинин медицина факультетинин педиатрдык аллергия иммунологиясынын профессору доктор  Ахмет Огузхан Өзендин балалык кезде өлүмчүл жыйынтыктарды жаратышы мүмкүн болгон оору CHAPLE синдромун толугу менен дарылоо методун тапканын белгилеген. Өзен жана тобунун дарылоо тууралуу сөз кылган макаласы медицина дүйнөсүндө абдан чоң кызыгуу көрдү.



Тектеш кабарлар