Түрк басма сөзү 07.01.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1559071
Түрк басма сөзү 07.01.2021

«Стар» гезити «Президент Эрдогандын ФЕТӨ тууралуу билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Түркияга расмий иш сапары менен келген Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен биргеликте маалымат жыйынын өткөргөнүн жазган. Рама менен болгон жолугушууда терроризмге каршы күрөштүн бири катары коргонуу жана аскердик тармактарда кызматташтык орун алгандыгын белгилеген Эрдоган: «(Фетуллахчы террордук уюму) ФЕТӨнүн эки өлкө үчүн тең коркунуч туудургандыгы боюнча  Албаниянын бийлиги менен бирдей пикирдебиз. Ушул себептен улам Түркия, айрыкча Түркия Маариф фонду баш болгон тийиштүү бардык мекемелери менен Албанияны колдойт»,-деп айтты.

«Хабер Түрк» гезити «АКШдагы окуялар жөнүндө Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү» аттуу маалыматында  Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) демонстранттар Конгресстин имаратын басып алуу учурунда Түркиядан окуяга байланыштуу билдирүү жасалганын баяндаган. Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө АКШда кечээ Конгресстин имаратын демонстранттардын басып алуу аракетине чейин барган ички окуялардын тынчсыздануу менен байкалгандыгы кабарланды.

«Хүррийет» гезити «Эрсин Татардын БУУга чакыруусу»деген кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татардын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутеррешти аралдагы эгемендүү тең жана эки мамлекетке негизделген кызматташтык формуласына ачык көз караш менен мамиле кылууга чакырганын баяндаган.

«Сабах» гезити «Министр Дөнмез: Кайра калыбына келүүчү орнотулган кубатыбыз 49 миң 550 МВтка жетти» аттуу кабарында энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмездин кечээ Күн энергиясы өнөр жайчылар жана өнөр жай ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Күн саммитинде» сөз сүйлөгөнүн маалымдаган. Дөнмез жаңылануучу энергия тармагынын жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиялык процесстен күчтөнүү менен чыккандыгын белгилеп: «Биздин жаңыланган орнотулган кубатыбыз 49 миң 550 мегаваттка (МВт) жетти»,-деди.

«Ватан» гезити «Анталияда Демредеги урандыларды өткөн жылы 242 миң адам кыдырды» деген кабарында өткөн жылы Анталиянын Демре районундагы музейлерге жана археологиялык жерлерге 242 миң 787 киши келип, андан 5 миллион 605 миң 494 лира түшкөнүн маалымдаган.



Тектеш кабарлар