Мерве Тунжел Европа чемпиону...

Борбор шаар Бухарестте өткөрүлгөн иш-чарада улуттук сууда сүзүүчү Мерве Тунжел кыздар арасында 1500 метр эркин стилинде 16.13.68 менен алтын медалга ээ болду.

1852947
Мерве Тунжел Европа чемпиону...

Улуттук спортчу Мерве Тунжел Румынияда өткөрүлгөн жаштар арасында сууда сүзүү боюнча Европа чемпионатында бир алтын жана бир коло медалга ээ болду.

Борбор шаар Бухарестте өткөрүлгөн иш-чарада улуттук сууда сүзүүчү Мерве Тунжел кыздар арасында 1500 метрге эркин стилинде 16.13.68 көрсөткүчү менен алтын медалга ээ болду.

Мерве 200 метрге эркин стилде 2.00.02 убактысы менен Европада үчүнчү болду.

19-Жер Ортолук деңиз оюндарында 800 метрге эркин стилде алтын медалды багындырган Мерве Тунжел оюндардын тарыхында чемпиондукка жеткен биринчи түрк аял сууда сүзүүчү болгон.



Тектеш кабарлар