Түркия Жер Ортолук деңиз оюндарын экинчилик менен аяктады
11 күндүн жыйынтыгында Түркияга 45 алтын, 26 күмүш, 37 коло медаль жазылды.

Алжирде өткөрүлгөн 19-Жер Ортолук деңиз оюндарында Түркия 108 медалга ээ болду.
11 күндүн жыйынтыгында Түркияга 45 алтын, 26 күмүш, 37 коло медаль жазылды.
Ошентип Түркия уюмду 1963-жылы Наполи жана 2013-жылы Мерсинден кийин үчүнчү ирет экинчи орунда бүтүргөн болду.
Оранда 48 алтын, 50 күмүш жана 61 коло менен жалпы 159 медаль алган Италия биринчи орунду ээледи.
Үчүнчү орунду 21 алтын, 24 күмүш жана 36 коло медаль менен Франция ээледи.
Түркиянын атынан Алжирде биринчиликтер болду.
Адем Асил, Ахмет Өндер, Ферхат Арыжан, Ибрахим Чолак жана Сержан Демирден турган Эркектердин Көркөм гимнастика боюнча улуттук курама командасы алтын медалга ээ болуу менен тарыхта биринчи жолу бул ийгиликке жетишти.
Кыз-келиндер арасында бадминтон боюнча жалгыз мелдеште Неслихан Йигит финалда испаниялык Беатриз Корралес Окананы 2-0 эсебинде жеңип, 3-жолу Жер Ортолук деңиз оюндарынын чемпиону болду.
Улуттук атлет Ясмани Копелло Эскобар жеңил атлетикада эркектер арасында 400 метрге тоскоолдуктан секирип жарышууда 48,27 көрсөткүч менен оюндар рекордун жаңыртып алтын медалга ээ болду.
Мерве Тунжел аялдар арасында 800 метрге эркин сүзүүдө 8.26.80 көрсөткүчү менен алтын медалга ээ болуп, оюндардын тарыхында биринчиликке жеткен биринчи аял сууда сүзүүчү болду.
Эркектер арасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө финалда Беркай Өмер Өгретир 1.00.03 көрсөткүчү менен оюндардын рекордун жаңыртып, алтын медалга ээ болду.