Жер Ортолук деңиз оюндарынын 8-күнүндө Түркия 84 медаль менен жалпы рейтингде алдыда...

Оран шаарында 25-июнда ачылган оюндардын 8-күнү жыйынтыкталды.

1851160
Жер Ортолук деңиз оюндарынын 8-күнүндө Түркия 84 медаль менен жалпы рейтингде алдыда...
ersu sasma.jpg
Ekaterina Guliyev.jpg
yasemin can.jpg
Turkiye akdeniz oyunlari.jpg

Алжирде өткөрүлгөн 19-Жер Ортолук деңиз оюндарынын 8-күнүндө Түркия 84 медаль менен жалпы рейтингде биринчилигин сактап калды.

Оран шаарында 25-июнда ачылган оюндардын 8-күнү жыйынтыкталды.

Уюмда кечээ 4 алтын, 5 күмүш жана 3 коло болуп жалпы 12 медаль алган Түркия 8-күндүн жыйынтыгында 37 алтын, 21 күмүш жана 26 коло болуп жалпы 84 медаль менен жалпы рейтингде биринчиликти улантты.

Экинчи орунда Италия, үчүнчүдө үй ээси Алжир турат.

Улуттук атлет Ясемин Жан аялдар арасында 5000 метрге чуркоодо 15.23.47 менен алтын медаль алса, улуттук атлет Екатерина Гулиев 2.01.08 менен 800 метрде алтын медалга ээ болду.

Улуттук спортчу Эрсу Шашма да эркектер арасында таяк менен бийиктикке секирүү боюнча 5 метр 75 сантиметрге  секирип алтын медалга ээ болду.

Сууда сүзүүдө кыз-келиндер 800 метрге эркин сүзүүдө Мерве Тунжел 8.26.80 менен алтын алса, башка улуттук сууда сүзүүчү Дениз Эртан 8.29.03 менен күмүш медалга ээ болду.

Мерве 800 метрге эркин стилдеги оюндарда чемпиондукка жеткен биринчи аял сүзүүчү болду.



Тектеш кабарлар