Европада улуттук балбан Мүжахит Челик алтын медалды багындырды

Бул тууралуу Түркиянын Күрөш федерациясынан билдирилди.

1851189
Европада улуттук балбан Мүжахит Челик алтын медалды багындырды

20 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Европа чемпиондугунда улуттук балбан Мүжахит Челик алтын медалга ээ болду.

Түркиянын Күрөш федерациясынын билдирүүсүнө караганда Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлгөн чемпионатта эркин стилде 97 килограммда килемге чыккан улуттук балбан Мүжахит Челик украиналык атаандашы Иван Примаченкону (12-2) жеңип алтын медалга ээ болду.

57 килограмм салмакта күч сынашкан улуттук балбандардан Ахмет Каравуш украиналык атаандашы Владислав Абрамовду (11-5) жеңип коло медалдын ээси болду.



Тектеш кабарлар