Африка кубогунда Сенегал чейрек финалга өттү

Камерунда өткөн жана коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу бир жылга жылдырылган турнирдин акыркы 16 команда ойногон турунда Сенегал менен Кабо-Верде беттешти.

1768375
Африка кубогунда Сенегал чейрек финалга өттү

2021-жылкы Африка кубогунда Кабо-Верде курамасын 2:0 эсебинде жеңген Сенегал чейрек финалга өттү.

Камерунда өткөн жана коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу бир жылга жылдырылган турнирдин акыркы 16 команда ойногон турунда Сенегал менен Кабо-Верде беттешти.

Сенегалдын Бафуссам шаарындагы Коуеконг стадионунда ойнолгон беттеште 63-мүнөттө Садио Мане жана  90+2  мүнөттө Бамба Диенг киргизген голдор менен 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Кабо-Верде 21-мүнөттө Патрик Андраде жана 57-мүнөттө Возинья кызыл карточка алып, оюнду 9 оюнчу менен аяктады.

Сенегалдын чейрек финалдагы атаандашы Мали менен Экватордук Гвинеянын беттешинин жеңүүчүсү болот.

 

 



Тектеш кабарлар