Африка кубогу....

Камерунда өтүп жаткан мелдештин экинчи күнү В жана С тайпаларында эки беттеш менен уланды.

1760361
Африка кубогу....

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам бир жылга жылдырылып өткөрүлгөн 2021-жылдагы Африка Кубогунда төрт матч аяктады.

Камерунда өтүп жаткан мелдештин экинчи күнү В жана С тайпаларында эки беттеш менен уланды.

Бафуссам шаарындагы Коуеконг стадионунда өткөн В тайпасынын биринчи беттешинде Сенегал Зимбабвени Ливерпулдун жылдызы Садио Маненин пенальтиден голу менен 1-0 эсебинде жеңди.

Тайпанын берки оюнунда Гвинея Иссиага Силланын голу менен Малавини 1-0 эсебинде утуп алды. 

Борбор калаа Яунде шаарындагы Ахмаду Ахиджо стадионунда ойнолгон С тайпасындагы беттешүүдө Марокко 83-мүнөттө Софиан Буфалдын голу менен Гананы 1-0 эсебинде жеңди.

Габон болсо 16-мүнөттө Аарон Бупендзанын голу менен Комор аралдарын 1-0 эсебинде утту. 


Этикеткалар: #Африка Кубогунда

Тектеш кабарлар