Галатасарай бүгүн Олимпик Марсель менен беттешет

Сары-кызыл команда 8 упай менен эч жеңилбестен ойноп келе жатат.

1738350
Галатасарай бүгүн Олимпик Марсель менен беттешет

УЕФА Европа лигасынын Е тайпасынын 5-жумасында Түркиянын өкүлү Галатасарай бүгүн Франциянын Олимпик Марсель командасын тосуп алат.

Сары-кызыл футболчулар талаадан 1 упай менен чыгышса, тайпада алдыңкы 2ге кирүүнү гарантиялашат.

"Е" тайпасындагы 4 беттеште эки жеңиш жана бир тең чыгуу алган сары-кызыл команда 8 упай менен эч жеңилбестен ойноп келе жатат.

Бардык беттештерде тең чыккан Франция курамасы болсо 4 упай менен 3-орунда.

Эки команданын биринчи беттеши 0-0 эсебинде аяктаган болчу.

Ал эми тайпадагы берки оюнда Орусиянын өкүлү Москва Локомотив Италиянын Лацио командасын тосуп алат.

Сары-кызыл команданын 2 футболчусу жаракатынан улам командадагы ордун ала албайт.

Капитан Арда Туран менен француз оң коргоочусу Саша Бои эртеңки беттешке чыга алышпайт.



Тектеш кабарлар