Педри "Алтын бала" болду

Буга чейин бул сыйлыкты Уэйн Руни, Лионель Месси, Серхио Агуэро, Рахим Стерлинг жана Килиан Мбаппе сыяктуу жылдыздар жеңип алышкан.

1737299
Педри "Алтын бала" болду

Футбол боюнча 21 жашка чейинки болочок жылдыз талапкерлерге берилүүчү Golden Boy сыйлыгына быйыл барселоналык Педри татыктуу деп табылды.

Европанын алдыңкы спорттук медиа мекемелеринде иштеген журналисттердин добушу менен аныкталуучу сыйлыктын быйылкы финалында, Боруссия Дортмунддун оюнчусу Жуде Беллингемден ашып 199 упай топтогон испаниялык жарым коргоочу сыйлыкка татыды.

Өткөн сезондо Барселонада эң көп убакыт өткөргөн оюнчу наамын алган 18 жаштагы Педри 2020-жылкы Европа чемпионатында Испаниянын улуттук курамасында катышып, 2020-жылы Токио Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.

Былтыр Дортмунддун норвегиялык жылдызы Эрлинг Хааландга ыйгарылган сыйлык, 2003-жылы италиялык Tuttosport гезити тарабынан бериле баштаган.

Буга чейин бул сыйлыкты Уэйн Руни, Лионель Месси, Серхио Агуэро, Рахим Стерлинг жана Килиан Мбаппе сыяктуу жылдыздар жеңип алышкан.



Тектеш кабарлар