Танзаниялык улуттук футболчулары жайгашкан мейманканада тинтүү жүргүзүлдү

Мадагаскар армиясынын аскерлеринин мейманканада тинтүү жүргүзүшүнүн максаты Танзания Улуттук командасында коронавирус жуктурган оюнчулар экендиги белгиленди.

1735520
Танзаниялык  улуттук футболчулары жайгашкан мейманканада тинтүү жүргүзүлдү

Мадагаскар менен Танзаниянын ортосунда 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо мелдешинен кийин куралдуу Мадагаскар армиясынын аскерлери Танзаниянын улуттук курама командасынын оюнчулары жайгашкан мейманканада тинтүү жүргүзүштү.

Мадагаскар армиясынын аскерлеринин мейманканада тинтүү жүргүзүшүнүн максаты Танзания Улуттук командасында коронавирус жуктурган оюнчулар экендиги белгиленди.

Коронавирус жуктурган оюнчулардын Айши Салум Манула, Элли Саматта жана Бакари Мвамньет экени билдирилди.

Танзания футбол федерациясы да бул тууралуу маалымат берип,  аскерлердин оюнчулар жаткан мейманканага курал менен кирип, оюнчулардын эшигинин алдында күтүп жатышканын айтты.

Бельгия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда Фенербахченин Бельгия клубу Роял Антверге сезондун башында ижарага алган Мбвана Алли Саматтанын да мейманкадан чыга албай калгандыгы жана Бельгияга кайтып келе албагандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар