Түркиянын командасы Ираклисти жеңди
Бул жыйынтык менен Бахчешехир колледжи эки жолу жеңишке жетти, Ираклис болсо экинчи беттеште да жеңилди.
1722845
Түркиянын өкүлү Бахчешехир Колледжи FIBA эркектер Европа Кубогунун E тайпасынын 2-жумасында грек командасы Ираклисти 64-63 эсебинде жеңди.
Салоникидеги Иванофио аренада ойнолгон оюндун биринчи чейрегин 16-12 артыкчылыгы менен жапкан үй ээси команда чечинүүчү бөлмөгө 35-29 упай менен кирди.
Ираклис үчүнчү бөлүмдү 51-43 алдыда бүтүрсө да, Бахчешехир Колледжи акыркы чейректеги көрсөткүчү менен беттешти 64-63 эсебинде утту.
Бул жыйынтык менен Бахчешехир колледжи эки жолу жеңишке жетти, Ираклис болсо экинчи беттеште да жеңилди.