Барселона Педринин келишимин жаңылады
Келишим 2026 - жылдын июнь айына чейин узартылды.
1720069
Испаниянын Биринчи Футбол Лигасынын (ЛаЛига) командаларынын бири Барселона Педринин келишимин жаңылап, 2026 - жылдын июнь айына чейин узартты.
Толук аты Педро Гонсалес Лопес болгон, бирок Испанияда кыскача Педри деп аталган 18 жаштагы жылдыз футболчунун баасы 1 миллиард евро деп белгиленди.
Эки жыл мурун Лас - Пальмас командасынан Каталония командасына өткөн Педри бардык тилкелерде 56 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген.