Футбол боюнча «А» Улуттук курама команда акыркы мүнөттөгү голу менен жеңишке жетишти

Жарым ай-жылдыздуу команда 1-0 артта калган таймашта жеңиш алып келген голдор 75-мүнөттө Сердар Дурсун жана 90+9-мүнөттө Бурак Йылмаздан болду.

1718176
Футбол боюнча «А» Улуттук курама команда акыркы мүнөттөгү голу менен жеңишке жетишти

Футбол боюнча улуттук курама команда 2022-жыл үчүн Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун «G» тайпасындагы 8-оюнунда Латвияны 90+9-мүнөттө пенальтиден Бурак Йылмаздын киргизген голу менен 2-1 эсебинде жеңди.

Жарым ай-жылдыздуу команда 1-0 артта калган таймашта жеңиш алып келген голдор 75-мүнөттө Сердар Дурсун жана 90+9-мүнөттө Бурак Йылмаздан болду.

Тайпасында эки беттеште жеңишке жетишкен улуттук команда, бул жеңиши менен упайын 15ке жеткирди жана 19 упайы бар Нидерландия, 17 упайы бар Норвегиядан кийин орун алды.

Түркия тайпадагы тогузунчу беттешин 13-ноябрда өз талаасында Гибралтар менен ойнойт.

Кошумча убакытта гол киргизип, улуттук курама командасы жеңишке жеткенден кийин, улуттук кураманын машыктыруучусу Стефан Кунц көз жашын тыя алган жок.

Голдон кийин абдан кубанган немис машыктыруучусу финалдык ышкырыктан кийин бир аз убакыт талаада басып, көз жашын сүрттү.

Улуттук футболчулар жана техникалык команда жеңиш голунан кийин жана беттештин финалдык ышкырыгынан кийин чоң кубанычка бөлөнүштү.

«А» Улуттук курама команда биринчи жеңишине Латвия менен болгон беттеште немис машыктыруучусу Стефан Кунц менен жетишти.

Футбол боюнча улуттук курама команда 97 жылдан кийин Латвияны утуп алды.

1924-жылдын 22-июнунда Ригада атаандашы менен болгон биринчи жана жалгыз жеңишине 3-1 эсебинде жетишкен, жарым ай-жылдыздуу команда узакка созулган бактысыздыгын эми сындырды.

Түркиянын 1924 -жылдан кийин  Латвия менен ойногон 6 беттеште 1 жеңилүү жана 5 тең чыгуусу болгон.

«A» улуттук курама командасынын курамына биринчи жолу чакырылган Сердар Дурсун Латвия менен беттешүүнүн экинчи жарымында оюнга киргизилип, биринчи жолу жарым ай- жылдыздуу форма кийген беттеште биринчи голун киргизди.

Машыктыруучу Стефан Кунц беттештин 65 -мүнөтүндө Оркун Көкчүнүн ордуна Сердар Дурсунду оюнга киргизди.

Жарым ай-жылдыздуу командасына Латвия менен болгон жеңишти алып келген голду киргизген капитан Бурак Йылмаз, «A» улуттук курама команданын формасы менен 74-беттешинде 30-голуна жетти.



Тектеш кабарлар