2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндары
Түркия Нидерландияга 6-1 эсебинде утулуп калды.
1704291
Түркиянын футбол боюнча А улуттук курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун Европа тандоолорунун G тайпасындагы 6-оюнунда Нидерландияга 6-1 эсебинде утулуп калды.
Бул беттешке 11 упай менен лидер болуп чыккан ай жылдыздуу команда тайпадагы биринчи жеңилүүсүн алып, үчүнчү орунга түштү.
Тайпада эч утулбаган Нидерландия болсо 13 упай жана орточо көрсөткүч менен Норвегиядан оозуп кетти.
Түркия тайпадагы жетинчи беттешин 8-октябрда Стамбулда Норвегия менен өткөрөт. Нидерландия ошол эле күнү Латвияны тосуп алат.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.