ФИФАнын дүйнөлүк кубогу үчүн Европа тандоолорунда Түркия Гибралтарды жеңди

Түркия Гибралтарды 3-0 эсебинде утту.

1702644
ФИФАнын дүйнөлүк кубогу үчүн Европа тандоолорунда Түркия Гибралтарды жеңди

Футбол боюнча улуттук курама команда 2022-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн Европа квалификациялык тобунун бешинчи оюнунда Гибралтарды 3-0 эсебинде жеңди.

Тайпада үчүнчү жеңиши менен улуттук курама команда упайын 11ге жеткирип, лидерлигин улантууда. Гибралтар болсо бешинчи беттештердин аягында упай топтой алган жок. Бул тайпада Нидерландия менен Норвегиянын 10дон упайы бар.

Биринчи жарымы голсуз теңдик менен аяктаган беттеште улуттук курама командага жеңишти алып келген голдорду Халил Дервишоглу, Хакан Чалханоглу жана Кенан Караман киргизди. Ай-жылдыздуу командада Энес Үнал да пенальтиден пайдалана алган жок.

Түркия тайпадагы алтынчы беттешин Нидерландия менен 7 -сентябрда ойнойт.



Тектеш кабарлар