Чавушоглу Түркиянын волейболчуларына барып алардын көңүлүң көтөрдү

Расмий сапар менен барган Сербиянын борбору Белградда Түркиянын волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасы (Тордун султандары) менен кечки тамакта жолугушту.

1701208
Чавушоглу Түркиянын волейболчуларына барып алардын көңүлүң көтөрдү

Расмий сапар менен барган Сербиянын борбору Белградда Түркиянын волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасы (Тордун султандары) менен кечки тамакта жолугушкан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, түрк улутунун улуттук волейболчулары менен сыймыктанарын айтты.

Улуттук волейболчулардын Токио 2020 Олимпиадасында медаль албаса да бүт өлкөнү кубантып, сыймыктандырганын белгилеген Чавушоглу, тордун султандары Түркияга волейболду сүйдүргөнүн айтты.

«Машыктыруучу супер, команда супер. Командалык рух деп айтышат, мен мындай жакшы командалык рухту эч жерден көргөн эмесмин»,-деди ал.

Чейрек финалдын Польшага каршы акыркы беттешинин кызыктуу болгонун белгилеген Чавушоглу: «Сиз финалга жетесиз деп үмүттөнөм. Сиз финалга чыксаңыз да мен келүүгө аракет кылам, бирок биздин ишибиз белгилүү эмес. Биз сизди жакшы көрөбүз, сиз менен сыймыктанабыз. Биздин элчилик сиздердин кызматта, сиздердин буйругуңуздарды күтүп турат»,-деди.

Чавушоглу жана улуттук курама команда волейболчу Ханде Баладиндин туулган күнүн да белгилешти.



Тектеш кабарлар