Түркия Черногория менен беттешет
Ай жылдыздуулар Черногория менен ойногондон кийин 4-сентябрда Гибралтар, 7-сентябрда болсо Нидерландия менен таймашат.
1700566
Түркиянын А улуттук курама командасы бүгүн 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын G тайпасынын 4-беттешинде Стамбулда Черногория менен мелдешет.
Ай жылдыздуулар Черногория менен ойногондон кийин 4-сентябрда Гибралтар, 7-сентябрда болсо Нидерландия менен таймашат.
Тандоо оюндарын Стамбулда Нидерландияны 4-2 эсебинде утуп баштаган түрк командасы, андан кийин да атаандаштын талаасында Норвегияны 3-0 эсебинде жеңген.
Улуттук команда Латвия менен болсо 3-3 эсебинде тең ойногон.
Ай жылдыздуулар 4-беттештердин алдында 7 упай менен тайпада лидер абалында.
Vodafone Parkта өтө турган Түркия-Черногория беттеши Түркия убактысы боюнча саат 21.45те башталат жана ТРТ- 1ден түз көрсөтүлөт.