Улуттук атлет Ясемин Жан финалга жогорулады

Экинчи сериянын жеңүүчүсүнөн да ылдам болгон Ясемин Жан атын финалга жаздырды.

1683025
Улуттук атлет Ясемин Жан финалга жогорулады

Токио -2020 Олимпиада оюндарынын 7 -күнүндө  аялдар арасында 5000 метр тандоолорунда  мелдешке катышкан улуттук спортчу Ясемин Жан финалга чыкты.

Токио Олимпиада стадионунда өткөрүлгөн 5000 метрлик квалификациялык жарыштардын биринчи сериясында аянтка чыккан  Ясемин Жан  узак убакыт  биринчи орунду ээледи. Акыркы турда   атаандаштарына туруштук  бере албаган улуттук спортчу артка чегинди.

Жарыштан чыкпаган Ясемин Жан 14.50.92лик көрсөткүчү менен алтынчы орунду алды. биринчи бештин ичинде орун ала албаган Ясемин атын түздөн түз финалга жаздыра албады жана экинчи сериянын жыйынтыгын күттү. 

Экинчи сериядагы чуркоодо түздөн түз финалга чыккан 5 атлет да белгилүү болду. Акыркы финал билеттери да эки серияда биринчи бешке кире албаган эң ылдам атлеттердин арасынан тандалды. Экинчи сериянын жеңүүчүсүнөн да ылдам болгон Ясемин Жан атын финалга жаздырды. 

 

 



Тектеш кабарлар