Улуттук спортчу Рыфат Эрен Гыдак дүйнөлүк чемпион болду
Улуттук спортчу Рыфат Эрен Гыдак Венгрияда өткөн дүйнөлүк жылдыздар күрөшү боюнча чемпионатта алтын медалга ээ болду.
Улуттук спортчу Рыфат Эрен Гыдак Венгрияда өткөн дүйнөлүк жылдыздар күрөшү боюнча чемпионатта алтын медалга ээ болду.
Борбор калаа Будапештте өткөн чемпионатта 92 килогарммда эркин стилде күч сынашкан Рыфат Эрен Гыдак финалда орусиялык Жорик Жиоев менен беттешти.
Улуттук балбан акыркы упайдын артыкчылыгы менен 3-3 эсебинде аяктаган беттеште жеңишке жетишти.
Эркин стилдеги 60 килограмм салмакта коло медаль үчүн болгон беттеште венгриялык Алекс Габор Гомбоско утулган Барыш Үнсал болсо дүйнөдө бешинчи орунду алды.
Түркия эркектер эркин стилде бирден алтын жана коло медалга жетишти. Абдуллах Топрак 55 килограммда коло медалдын ээси болду.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.