Японияда дайынсыз жоголгон угандалык спортчу табылды

Японияга Токио олимпиадасына катышуу үчүн барып, машыгуу лагеринде дайынсыз жоголгон угандалык штангачы Юлиус Ссекитолекону коопсуздук күчтөрү Мие штатынан  табышты.

1678393

16 -  июлда Осаканын Изумисано районунда олимпиадага даярданып, калган мейманканасында «өлкөсүндөгү кыйын шарттардан улам Японияда иштөөнү каалагандыгын» жазып калтырып дайынсыз жоголгон штангачы Ссекитолеко табылды.

Киодо агенттигинин кабарына караганда Изумисанодон 200 километр алыстыктагы Нагояга ылдам жүрүүчү поездге билет сатып алган африкалык спортчу андан мурда таанышкан угандалык бир киши менен жолугушуп Гифу штатына барган.

Африкалык спортчу андан кийин Мие штатына караштуу Йоккаичи районунда бир полиция кызматкери тарабынан байкалып камоого алынды.

Уганданын Токио элчилиги команданын кызматкери жана аймак полициясы тарабынан Мие штатында кечээ кайда экендиги аныкталган Ссекитолеконун машыктыруусу менен бирге дароо өлкөсүнө жиберилерин, окуяны карап чыгышарын билдирди.

Тектеш кабарлар