Түркиялык балбандардын ийгилиги

Полат Полатчы 97 кило салмакта алтын медалды жеңип алды.

1667275
Түркиялык балбандардын ийгилиги

Германиянын Дортмунд шаарында өткөн эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Европа чемпионатында Полат Полатчы 97 кило салмакта алтын медалды жеңип алды.

Финалда орусиялык атаандашы Али Магомед Алиевди жеңген улуттук балбан Полат Полатчы Европа чемпиону болду.

70 кг салмакта Мевлүт Өздемир да сербиялык Виктор Воиновичти 8-4 эсебинде утуп коло медалга ээ болду.

79 кг салмакта Исмаил Күчүксолак болсо азербайжандык Сабухи Амираслановду 7-6 жеңди. Исмаил Күчүксолак андан соң грузиялык атаандашы Отари Адеишвилини да утуп коло медалга ээ болду.

Ушундайча улуттук күрөшчүлөр 1 алтын жана 2 коло медалга ээ болушту.



Тектеш кабарлар