"А" Улуттук Волейбол боюнча эркектер командасы Европа чемпиону болду

Тордун мырзалары лигада ойногон 8 беттешинин бардыгын тең жеңип алса, жарым финалда Эстонияны (3-2), финалда Украинаны жеңип, катары менен экинчи жолу жеңилүүсүз чемпиондукка жетишти.

1661968
"А" Улуттук Волейбол боюнча эркектер командасы Европа чемпиону болду

"А" Улуттук Волейбол боюнча эркектер командасы Бельгияда өткөн 2021 CEV Европа Алтын лигасынын финалында Украинаны 3: 1 эсебинде жеңип, эч жеңилбестен чемпион болду.

Тордун мырзалары лигада ойногон 8 беттешинин бардыгын тең жеңип алса, жарым финалда Эстонияны (3-2), финалда Украинаны жеңип, катары менен экинчи жолу жеңилүүсүз чемпиондукка жетишти.

Лигадагы атаандаштарына 5 гана сетка берген Улуттук курама командасында Украинага каршы оюнда Адис Лагумдзия 23 упай топтогон бомбардир болду, , Йигит 16 упай, Бурак 9, Мурат жана Огузхан 4, Эфе 2, Ахмет жана Арда бирден упай топтошту.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2021 CEV Европа Алтын лигасында жеңишке жетишкен Улуттук Волейбол командасын социалдык медиа эсебинен куттуктады.

Президент Эрдоган: «Европанын Алтын лигасында катары менен экинчи жолу чемпион болуу менен бизди сыймыктандырган биздин Волейбол боюнча улуттук курама командабызды, сетканын мырзаларын чын жүрөктөн куттуктайм»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп жана вице-президент Фуат Октай дагы 2021 CEV Европа Алтын лигасынын чемпиону болгон А Улуттук Волейбол командасын социалдык медиа эсептеринде куттукташты.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу дагы Улуттук Эркектер Волейбол курама командасын өз билдирүүсү менен куттуктады.


Этикеткалар: #Волейбол

Тектеш кабарлар