Бусе Тосун күрөш боюнча күмүш медалга жетишти

Бусе Тосун россиялык атаандашы Захарченкону 4: 0, казак атаандашы Жамила Бакбергенованы 5: 1 эсебинде жеңип алды.

1656514
Бусе Тосун күрөш боюнча күмүш медалга жетишти

Улуттук күрөшчү Бусе Тосун Польшанын борбору Варшавада өткөн күрөш боюнча Эл аралык Зилковский Питласинский атындагы Польшанын ачык турниринде күмүш медалга ээ болду.

Түркиянын Күрөш федерациясы берген маалыматка ылайык  72 килограмм салмакта күч сынашкан Бусе Тосун россиялык атаандашы Захарченкону 4: 0, казак атаандашы Жамила Бакбергенованы 5: 1 эсебинде жеңип алды.

Финалда украиналык Алла Белинска менен беттешкен Бусе атаандашын 5-4 эсебинде утуп, турнирди экинчи орунда аяктады.

Бир жактан да  59 килограмм салмакта күч сынашкан Элиф Янык үчүнчү орун үчүн беттеште казакстандык атаандашы Дианага утулуп, чемпионатта 4-орунду ээледи. 55 килограмм салмакта күч сынашкан Эсра Пул турнирди 5-орунда аяктады.

Мелдештер  эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар