Улуттук каратэчилерден 2 алтын жана 1 коло медаль

Хорватияда каратэ боюнча 55-Европа чемпионаты өтүп жатат.

1643817
Улуттук каратэчилерден 2 алтын жана 1 коло медаль

Хорватиянын Пореч шаарында уланып жаткан каратэ боюнча 55-Европа чемпионатында улуттук спортчулар 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.

Түркиянын Каратэ федерациясынын билдирүүсүнө караганда, чемпионаттын төртүнчү күнүндө улуттук спортчулардын бири Мелтем Хожаоглу Акйол аялдар кумитэсинде +68 кг финалда татамиге чыкты.

Финалда болгариялык Александра Стублева менен беттешкен Мелтем Хожаоглу Акйол атаандашын 1- 0 эсебинде утуп Европа чемпиону болду.

Эркектер арасында кумитэ 84 кг салмактагы улуттук спортчу Угур Акташ Европа чемпиондугуна жетишти.

Финалда азербайжандык атаандашы Панах Абдуллаевди 2-1 эсебинде утуп алган Угур Акташ алтын медалга ээ болду.

Аялдардын кумитэсинде 68 килограмм салмакта күч сынашкан улуттук каратэчи Эда Элтемур босниялык атаандашы Ивона Каварды жеңип коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар