Улуттук спортчу Йигиттен Европа Чемпионатында жаңы рекорд

Бул тууралуу Түркиянын Сууда сүзүү федерациясы тарабынан билдирүү жасалды.

1641690
Улуттук спортчу Йигиттен Европа Чемпионатында жаңы рекорд

Улуттук сууда сүзүүчү Йигит Аслан чоңдор арасындагы Европа Чемпионатында 17-18 жаш категориясында 400 метрге эркин стильде Түркиянын рекордун жаңылады.

Түркиянын Сууда сүзүү федерациясы тарабынан жасалган билдирүүдө, Венгриянын борбору Будапештте уланып жаткан мелдеште жаңы ийгиликтерге жетишилгендиги жана «Улуттук спортчубуз Йигит Аслан 17-18 жаш категориясында 400 метрге эркин сүзүү стилинде  03.50.59 убактысы менен рекорд койду. Спортчубузду жана Энка спорт клубун куттуктайбыз»,деген сөздөргө орун берилди.

Бул категориядагы мурунку Түркия рекорду 03.52.43 убактысы менен ошол эле  Йигит Асланга таандык болчу.



Тектеш кабарлар