Эркин күрөш улуттук командасы өлкөгө кайтып келди

8 -  жолу алтын медаль менен кайткан Таха Акгүл журналисттерге берген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган жана башка колдоо берген баарына ыракмат айтты.

1627327
Эркин күрөш улуттук командасы өлкөгө кайтып келди

Польшанын борбору Варшавада өткөрүлгөн күрөш боюнча Европа чемпионатында эки алтын жана бир күмүш медалды жеңип алган Эркин күрөш улуттук курама командасы өлкөгө кайтып келди.

Алтын медалдын ээси Таха Акгүл жана Сүлейман Атлы, күмүш медалдын ээси Сүлейман Карадениз жана команданын жетекчилери Анкара Эсенбога аэропортуна келишти.

Улуттук күрөшчүлөрдү Эсенбога аэропортунда гүлдөр жана түрк байрактары менен тосуп алышты.

Күрөш боюнча Европа чемпионатында 8 -  жолу алтын медаль менен кайткан Таха Акгүл журналисттерге берген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган жана башка колдоо берген баарына ыракмат айтты.



Тектеш кабарлар