Улуттук күрөшчү Таха Акгүл 8-жолу Европа чемпиону болду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, вице-президент Фуат Октай жана министр Мехмет Мухаррем Касапоглу, Республикалык Элдик Партиянын (CHP) жетекчиси Кемал Кылычдароглу Таха Акгүлдү куттукташты.

1626048
Улуттук күрөшчү Таха Акгүл 8-жолу Европа чемпиону болду

Дүйнө жана Олимпиада чемпиону улуттук күрөшчү Таха Акгүл орусиялык спортчу Сергей Козыревди жеңип 8-жолу Европа чемпиону болду.

Польшанын борбор шаары Варшавада өткөн күрөш боюнча Европа чемпионатында эркин стиль 125 килограмм салмакта күч сынаган Таха Акгүл биринчи турда 3 жолу дүйнө чемпиону болгон грузиялык Гено Петриашвилини (6-1), чейрек финалда польшалык Камил Томаш Косцёлекту (6-1), ал эми жарым финалда белоруссиялык Дзианис Храмянковду (4-0) жеңип финалга чыкты.

Финалда Жаштар Олимпиадасынын чемпиону орусиялык Сергей Козырев менен беттешкен улуттук балбан, күрөштүн акыркы бөлүгүндө атаандашынын агрессивдүү жүрүм-турумуна каршы токтоолукту сактап, 9-2 эсебинде жеңишке жетишкен карьерасына 8-Европа чемпиондугун кошту.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, вице-президент Фуат Октай жана министр Мехмет Мухаррем Касапоглу, Республикалык Элдик Партиянын (CHP) жетекчиси Кемал Кылычдароглу Таха Акгүлдү куттукташты.



Тектеш кабарлар