Улуттук штангист Мухаммед Фуркан Европа чемпиону болду
Москвада өткөрүлгөн оор атлетика боюнча Европа чемпионатынын үчүнчү күнү улуттук спортчулар медалдар үчүн күч сынашты.
1615421
Европа штанга чемпионатына катышкан Мухаммед Фуркан Өзбек 1 коло жана 2 алтын медалга ээ болду.
Россиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн оор атлетика боюнча Европа чемпионатынын үчүнчү күнүндө улуттук спортчулар медалдар үчүн күч сынашты.
Эркектер арасында 67 килограммда мелдешке чыккан Мухаммед Фуркан Өзбек жулкуп көтөрүүдө 145 килограмм менен коло медалды багындырды.
Улуттук спортчу силкип көтөрүүдө 178, жалпы эсепте болсо 323 килограммдык даражасы менен 2 алтын медалдын ээси болду.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.