Европа штанга чемпиондугунан 3 медаль

Россиянын борбору Москва шаарында өткөн чемпионаттын экинчи күнүнүн кечки сеансында  улуттук спортчулар медаль үчүн күч сынашты.

1614904
Европа штанга чемпиондугунан 3 медаль

Улуттук оор атлетчилер Муаммер Шахин Европанын оор атлетика чемпионатында күмүш, Ферди Мусдал жана Сүмеййе Кентли коло медалдарын жеңип алышты.

Россиянын борбору Москва шаарында өткөн чемпионаттын экинчи күнүнүн кечки сеансында  улуттук спортчулар медаль үчүн күч сынашты.

Эркектер арасында 61 килограмм салмакта аянтка  чыккан Ферди Мусдал жулкуп көтөрүүдө 130 килограммды жана чайкоодо 157 килограммды көтөрүп, 4-орунду ээледи. Ферди жалпы 287 кг менен коло медалды жеңип алды.

Ушул эле салмакта күч сынашкан башка улуттук спортчу Канер Топташ жулкуп көтөрүүдө 124 килограммды жана силкип көтөрүүдө 150 килограммды көтөрүп, бирок медалга жете алган жок.

Эркектер арасында 55 килограмм салмакта күч сынашкан Муаммер Шахин жулкуп көтөрүүдө 112 килограмм салмагы менен күмүш медалга ээ болду.

55 килограмм салмакта күч сынашкан Сүмеййе Кентли 110 килограммды  көтөрүп, коло медалга ээ болду



Тектеш кабарлар