«А» Улуттук футбол командасы Нидерландия менен болгон беттешүүдө 4-2 эсебинде жеңишке жетишти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасынын оюнчуларынын Нидерландияны 4-2 эсебинде жеңип алганы боюнча куттуктады.

1608386
«А» Улуттук футбол командасы Нидерландия менен болгон беттешүүдө 4-2 эсебинде жеңишке жетишти
A Milli Takim Hollanda maci1.jpg
A Milli Takim Hollanda maci.jpg

2022 FIFA Дүйнөлүк кубогунун тандоо оюндарынын «G» тайпасында «А» Улуттук футбол командасы Нидерландия менен болгон беттешүүдө 4-2 эсебинде жеңишке жетишти.

Алгачкы беттешинде Нидерландияны тосуп алган «А» Улуттук курама командасы биринчи жарым бөлүктү Бурак Йылмаздын 15 жана 35-мүнөттөрдө киргизген эки голу (пенальти менен) 2: 0 эсебинде алдыда бүтүрдү.

46-мүнөттө Хакан Чалханоглунун голу Улуттук курама команданы 3-0 эсебинде алдыга чыгарса, Нидерландия курама командасы Клаассендин 75-мүнөттө, Йонг 76-мүнөттө гол киргизип 3-2 эсебинде абалды түздү.

81-мүнөттө дагы бир жолу Бурак Йылмаздын голу менен «А» Улуттук курама командасы эсепти 4-2ге жеткирип, айырманы 2ге чыгарды.

Кошумча убакытта эки команда тең гол киргизе албай калганда, Улуттук команда 4-2 эсебинде жеңишке жетишти.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасынын оюнчуларынын Нидерландияны 4-2 эсебинде жеңип алганы боюнча куттуктады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Эрдоган беттешүүдөн кийин оюнчулар менен кийинүү бөлмөсүндө жолуккаан Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглунун телефону аркылуу улуттук курама футбол команданын машыктыруучусу Шенол Гүнеш жана оюнчулар менен сүйлөштү.

Эрдоган «А» Улуттук Футболдук командасынын жеңишине абдан кубанычта экендигин билдирди.

Президент Эрдоган: «Ушундай мезгилде Улуттук курама командабыздын Нидерландия сыяктуу команданы 4-2 эсебинде жеңиши чындыгында өлкөбүзгө жана улутубузга өзгөчө сыймык берди»,-деди. Министрдин телефону аркылуу машыктыруучу Шенол Гүнешти, команданын капитаны Бурак Йылмазды жана оюнчуларды жеңиши менен куттуктады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп дагы социалдык тармактардагы эсептеринен жеңишти бөлүшүп, «Мыкты оюндун жана мыкты күрөштүн натыйжасында 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка бараткан жолдо Нидерландияны жеңип алган Улуттук курама футбол командабызды жеңиши менен куттуктайм. Кийинки эки беттеште дагы сиздин киргизгениңиз гол болсун»,-деди.

Вице-президент Фуат Октай дагы социалдык медиа эсебинде, «Куттуктайбыз, биздин балдар. Эң сонун оюн, мыкты эсеп», деген сөздөрдү колдонгон.

Беттешти трибунадан көргөн Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу беттештен кийин массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасап, «Күрөшкөн, чуркаган, берилген команда бар. Бул жакшы башталыш болду. Норвегия жана Латвия менен беттештери дагы бар. Ал оюндарда дагы биздин командабыз мыкты деңгээлин көрсөтөт деп ишенебиз»-деди.

Касапоглу жалпы жамаатты жана мугалимибизди куттуктап, ийгилик каалады.



Тектеш кабарлар