Улуттук сууда сүзүүчү Дениз Эртан олимпиаданын А чегинен өтүүгө жетишти

Эдирне олимпиадалык бассейниндеги мелдештердин акыркы күнүндө Анкарадагы TOHM командасынан Гжон Шыты машыктырган Фенербахче клубунун сүзүүчүсү Дениз, 800 метрлик эркин стилинде 8.32.41 даражасы менен олимпиаданын А чегинен өтүүгө жетишти.

1588395
Улуттук сууда сүзүүчү Дениз Эртан олимпиаданын А чегинен өтүүгө жетишти

Улуттук сууда сүзүүчү Дениз Эртан 2-эл аралык Turkcell Эдирне кубогунун Сууда сүзүү мелдешинде 800 метрге эркин сүзүү ыкмасындагы көрсөткүчү менен 2020-жыл Токио Олимпиада оюндарынын босогосун аттады.

Эдирне олимпиадалык бассейниндеги мелдештердин акыркы күнүндө Анкарадагы TOHM командасынан Гжон Шыты машыктырган Фенербахче клубунун сүзүүчүсү Дениз, 800 метрлик эркин стилинде 8.32.41 даражасы менен олимпиаданын А чегинен өтүүгө жетишти.

Анталиядагы TOHM командасынан Хакан Делибаш машыктырган Фенербахче клубунун сүзүүчүсү Мерт Кылавуз да 800 метрге эркин сүзүү стилинде 17-18, 19+ жаш категориясында 7.54.77лик даражасы менен Түркия рекордун багындырды.

Мелдештерде Анкарадагы TOHMдан машыктыруучулугун Гжон Шыты кылган Энка Спорт клубунун сууда сүзүүчүсү Мерве Тунчел болсо 800 метрге эркин стилде 15-16 жаш, 17-18 жаш, +19 жаш категориясында 8.27.38лик даражасы менен Түркия рекордун жаңыртууга жетишти.

Иш-чара кечээ өткөн мелдештер менен жыйынтыкталды.



Тектеш кабарлар