Буларды билесиздерби?

Насреддин Кожо.

1853143
Буларды билесиздерби?

Түркиянын дүйнөгө белгилүү сатира каарманы Насреддин Кожо үчүн 63 жылдан бери фестиваль өткөрүлүп келгендигин билесиздерби?

Түрк маданиятынын негизги кишилеринин бири болгон Насреддин  Кожону эскерүү үчүн жыл сайын июль айында Коньянын Акшехир районунда Насреддин Кожо шаан  - шөкөттөрү өткөрүлүүдө.

Биринчи жолу 1959 -  жылы 21 -  июнда башталган фестиваль Түркияда узун убакыттан бери өткөрүлүп келген шаан  - шөкөттөрдүн бири.

13 -  кылымда жашаган түрк элдик акылманы Насреддин Кожо өтмүштөгү жана келечек муундарды  байланыштырган акылы менен таанылат. Күлдүрүп жатып  ойлондурган анекдоттору, түстүү жана акылман мүнөзү, көлгө салган үмүт уюткусу, эшеги, селдеси жана  чапаны менен Насреддин Кожо Балкандардан Орто Азияга чейин, бардык адамзатка достук, тынчтык жана оптимисттик маалыматтарын берип, жүз миллиондогон кишинин жүрөгүндө жана акылында атайын бир орунга ээ болгон.

Жыл сайын 5 – 10 -  июль күндөрү Насреддин Кожонун элесине арналган шаан  - шөкөттөр 1973 -  жылдан тарта дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнөн илимпоздор, өнөрпоздор жана адабиятчылар жолугушкан эл аралык бир маданий иш  -  чарага айланды. 5 -  июль күнү Насреддин Кожонун символдук түрдө күмбөзүнөн ойготулушу жана Акшехир көчөлөрүндө кыдыртылышы менен башталган шаан  - шөкөт, андан кийин Акшехир көлүнө уютку таштоосу менен улантылууда. Алты күнгө созулган шаан  - шөкөттө концерттер, театр оюндары жана көргөзмө, китепке кол коюу күнү, ачык отурум сыяктуу иш  чаралар өткөрүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар