Улуттук Чалгындоо Уюмунун потенциалы жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1847986
Улуттук Чалгындоо Уюмунун потенциалы жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар

Түркия Ирак жана Сирияга  куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен аткарылган операцияларды улантууда. Акыркы жолу Синжар жана Сүлейманиеде жүргүзүлгөн операцияларда бир топ террордук уюм ПККнын жогорку мартабалуу башкаруучулары жок кылыып, Түрк Чалгындоо Уюму МИТтин тийиштүү жерлердеги потенциалы көңүлдөрдү буруу менен бирге техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн да канчалык  өнүккөндүгү мааниге ээ болууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

7 -  июнда Ирактын күрт аймагына караштуу Сүлейманиненин Келар элетинде бир унаа абадан куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан бутага алынды. Жергиликтүү булактар унаадагы 5 кишинин өлтүрүлгөндүгүн билдиришти. Бир канча убакыттан кийин унаадагы ысымдардын террордук уюм ПККнын мүчөлөрү экендигин жана ал түгүл бирөөсүнүн Ферхад Дерик экендиги жарыяланды. Дерик террордук уюм ПККнын Сириядагы «Түндүк жана Чыгыш Сирия автономиялуу аймагынын» иш алып баруу кеңешинин тең төрагалыгын аткарган бир ысым. Жанындагы башка ПККнын 4 террористи менен Дериктин Сүлейманиенин элетине уюмдун иштери үчүн баргандыгы болжолдолууда.

Дериктин Сириядан алыс Сүлейманиенин элетинде кандай аныкталгандыгы жана кандайча бутага алынгандыгы көңүлдөрдү бурган жагдай.  Өзгөчө да Түрк Чалгындоо Уюму  МИТ тарабынан иштелип чыккан потенциалдын түшүнүү жагынан.

Тиешелүү террордук элементтердин Сириядан Иракка чейин изилденгендиги, техникалык жана адамдык мүмкүнчүлүктөр жагынан алып караганда эми мунун мүмкүн экендигин жана Түркия чек ара линиясына дээрлик 300 километр алыстыкта бара жаткан бир унаанын жардырыла алгандыгын көрсөтүүдө. Түркия акыркы жылдарда чындыгында Улуттук Чалгындоо Уюмуна олуттуу инвестиция салып глобалдык деңгээлде компоненттик жана маанилүү уюмга айландырды.

Чоң кыйынчылыктарга туш болгон Улуттук Чалгындоо Уюмунун жаңы реалдуулуктарга ыңгайлашып, адам ресурстары жагынан да, техникалык мүмкүнчүлүктөр жагынан да өнүгүүсү сөз болууда. Албетте түрк коргонуу өнөр жайынын акыркы жылдардагы өнүгүшү да Улуттук Чалгындоо Уюмун колдогон бир жагдай. Өзгөчө куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар тармагында Түркиянын дүйнөдөгү лидерлик ролу Улуттук Коргоо Уюмунун тиешелүү байкоо, чалгындоо жана бутага алуу мүмкүнчүлүгүнө мультипликатордук таасир жаратууда. Бул таасирди акыркы айларда Ирак жана Сирияда жүргүзүлгөн ондогон куралдуу учкучсуз учуучу аппарат операцияларында жана жок кылынган террордук уюм ПККнын жогорку мартабалуу жетекчилеринде да көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар