Буларды билесиздерби?

Филигран

1764015
Буларды билесиздерби?

Күмүштөн жасалган филиграндын 3000 жылдык тарыхы бар экенин билесиздерби?

Кыскача күмүш зым сайма өнөрүн билдирген «филигран» ничке зымга куюлган  күмүштөрдү буроо менен түшүрүлгөн кичинекей мотивдердин айкалыштырылышы.Толугу менен колдо жасалган бул өнөр көбүнчө зергерчиликте жана аксессуарларда колдонулат.

Археологиялык казуулардан алынган табылгаларга караганда филиграндык техниканын биздин заманга чейинки 3000 – жылдан бери Месопотамияда, биздин заманга чейинки 2500 – жылдан бери да Анадолуда колдонулгандыгы белгилүү.

12 -  кылымда филиграндын негизги борборунун Мусул болгондугу, бул өнөрдүн Мусулдан Сирияга, ал жерден да Анадолуга өткөнү айтылууда. Филигран жасоо 15 -  кылымдан бери түрктөрдүн арасында кеңери жайылгандыгы, өзгөчө да Түштүк Чыгыш Анадолуда өнүккөндүгү билинет.

Бүгүнкү күндө Мардин районуна караштуу Мидятта филигран искусствосунун эң сонун үлгүлөрүн көрүүгө болот. Мындан тышкары Анкаранын Бейпазары району менен Трабзон бул өнөр сакталган борборлор катары каралат. Жаңы чебелер жетиштирилбегендиктен, кылымдарды катыркан бул өнөр тилекке каршы унутулуу коркунучунда турат.



Тектеш кабарлар