Казакстандагы окуялар эмнени ачыкка чыгарды?

СЕТАнын тышкы саясаттарды изилдөөлөр боюнча директор, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

1763138
Казакстандагы окуялар эмнени ачыкка чыгарды?

 2022 - жыл эл аралык саясат жагынан ылдам башталды. Батыш менен Россиянын ортосунда бир канча убакыттан бери болуп келе жаткан Украина кризисинин 2022 - жылдын эң маанилүү маселеси болоору анык болчу. Негизи Женевада АКШ менен Россия делегацияларынын Украина саммитинен  маселени чече турган чечим чыккан жок. Тескерисинче, өз ара билдирүүлөр Украина кризисинин мындан ары да тереңдей тургандыгын көрсөтүүдө. НАТОнун билдирүүсүндө азырынча элдешүүнүн мүмкүн эместиги, бирок Россия менен Украина маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл  экендиги  билдирилди. Москава да Украинанын өзү үчүн кызыл сызык экендигин баса белгилөөнү улантууда. Путиндин «коопсуздук кепилдиги» катары АКШга сунуш кылган шарттардын аткарылышы күмөндүү. Украина кризисине көңүл бурулуп жатканда Казакстанда олуттуу абалдар ортого чыкты.   Бензин жана жаратылыш газдын баасынын кымбатташы менен башталган нааразылык акциялар ылдам түрдө Казакстандын ичинде бир кризиске айланды. Казакстандын президенти Касым – Жомарт Токаев  Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан аскердик жардам суранды. Уюм ылдам түрдө Казакстандын чакыруусуна жооп берип, биргелешкен аскердик күчтү Казакстанга жиберди.

СЕТАнын тышкы саясаттарды изилдөөлөр боюнча директор, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

Советтер союзу тарагандан кийин Казакстан Орто Азия республикаларынын ичинен эң жаркыраган өлкөгө айланды. Тышкы саясатында тең салмактуулук саясатын жүргүзүү менен экономикасын чыңдап, чет элдик инвестицияны тартууга жетишти жана аймактык позициясын бекемдеди. Назарбаевдин жетекчилигинде ылдам өнүгүүнү көрсөткөн өлкө акыркы мезгилде өзгөчө энергетикалык атаандаштыкта ​​алдыңкы орунга чыгып, бай жаратылыш ресурстары менен аймактагы бийлик атаандаштыгында эффективдүү өлкөгө айланды. Бирок нааразылык акциялары Казакстандын саясий жактан алсыз экенин көрсөттү. Болгон окуялардын негизинен көптөгөн түшүндүрмөсү бар.

Биринчи түшүндүрмөлөрдүн бири Казакстандын жогорулап жана тереңдеп бара жаткан экономикасына карабастан жалпы коомчулукка оң таасир тийгизе тургандай киреше бөлүштүрүү маселесин чече алган жок. Бай жаратылыш булактарынан алынган кирешелердин коомчулукка тең бөлүштүрүлбөшү бир канча убакыттан бери коомчулукта баш  - аламандыктардын чыгышына себеп болуп жаткан. Бул маселелердин глобалдык пандемия менен ачыкка чыккандыгы айдан ачык. Ошондуктан нааразылык акцияларынын негизги себеби  коомчулуктун экономикадагы үлүшкө дагы көбүрөөк ээ болушу эле.  

Бирок экономикалык жана бирдей киреше бөлүштүрүүдө чыккан көйгөйлөр нааразылык акцияларды өз алдынча түшүндүрүүгө жетпейт. Казакстан стратегиялык маанисинен улам Россиянын таасири астында орун алган өлкө. Бир тараптан Кытайдын Казакстан менен курган энергетикалык карым  - катнашы  Россияны тынчсыздандырган жагдай катары алдыңкы планга чыга баштаган. Бир тараптан Казакстандын батыштык өлкөлөр менен болгон жакын карым  - катнашы жана Түрк мамлекеттери уюмунун курулушунда ойногон активдүү ролу Москва башкаруусунун көңүлүн бурган. Ушул себеп менен Казакстандын сезимталдуу бир күч атаандаштыгынын борборунда орун алган өлкөлөрдүн бири болушу нааразылык акцияларынын ылдам көзөмөлдөн чыгышына себеп болгон динамикага айланды. Россиянын стратегиялык аскердик бөлүктөрүн ылдам түрдө жибериши бул күч теңдемеси ичинде карала алат.

Казакстанда болгон окуя 2021 - жылы түзүлгөн Түрк мамлекеттери уюмунун алгачкы маанилүү сыноосу болду. Уюм ылдам түрдө чолугуп, Казакстан Республикасынын жанында  экендигин билдирген жыйын өткөрдү жана  ар кандай колдоо көрсөтүлөрү айтылды. Tүрк мамлекеттери уюму  азырынча мындай кризистерде активдүү роль ойной турган механизмге ээ эмес. Ушул себептен, Түрк мамлекеттери уюмуна мындай кризистерде алдыңкы ролду ойноо үчүн убакыт керек.

Казакстанда окуялар басаңдады бирок мындан кийин күч атаандаштыгынын улантылышы аймактагы бардык өлкөлөр үчүн кылдаттык менен байкоого алынышы керек болгон процесс. Бул жерде Түрк мамлекеттери уюму да чоң роль ойнойт.



Тектеш кабарлар