Буларды билесиздерби?

Санта Клаус.

1753340
Буларды билесиздерби?

Санта Клаус деп аталган Ыйык Николанын Антальянын Демре районунда жашаганын билесиздерби?

Христиандар арасында жардамдын жана кичи пейилдиктин символу болгон Ыйык Николанын Антальянын Каш районуна жакын жердеги байыркы Патара шаарында төрөлгөнү болжолдолууда.

Кийинчерээк  Демре деп аталган байыркы Майра шаарына барып, ал жерде жаш кезинде епископтук кызматка жетишкен. Жаңы жылга кирип жатып тилеген тилекерди орундаткан ; бардык мал  - мүлкүн жакырлар менен бөлүшүүнү тандаган Ыйык Никола уламыштарга караганда өзгөчө балдардын, жакырлардын, жүргүнчүлөрдүн жана деңиздердин коргоочусу болуптур.

Демреде/Майрада жашагандар ал каза болгондон кийин анын элесине чиркөө курдуртушат жана  сарфогдын бул жерде түбөлүк каларына ишенишкен. Чиркөөнүн дубалдарына «Кереметтердин олуясы»  деп билинген Ыйык Николанын аткаргандыгына ишенилген кереметтер тартылган. Чиркөө Демре өзөнүнүн ташуусу менен жер астында калат. 1956 -  жылдагы казуу иштеринин натыйжасында ортого чыгарылат. Жыл сайын христиан православ дининен көп сандаган адам өлүм күнү болгон 6 -  декабрда Айык Николаны эскерүү үчүн Демреге келишет жана сыйынышат. Чиркөө 1994    жылдан бери музей катары да келген конокторго ачык.



Тектеш кабарлар