Аймактык нормалдашуунун   чектери

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1749373
Аймактык нормалдашуунун   чектери

Бир канча убакыттан бери Жакынкы Чыгыш аймагында дипломатиялык нормалдашуу процесси жүрүп жатат. Көпкө созулган кагылышуудан кийин аймактын алдыңкы актерлору кагылышуудан дипломатияга өткөн жол картасын ортого салышты. Мындай нормалдашуу биринчи жолу Израиль менен Ибрахим келишиминин алкагында жолугушкан Бириккен Арап Эмирликтери менен бирге Трамп мезгилинде башталган. Кийинчерээк бул процесске Бахрейн менен Марокко кошулуп Израиль -  Арап нормалдашуусу дагы кенен бир алкакты түздү.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Арап жазы аймак өлкөлөрүн бири бири менен согушкан башка бир лагерге жетеледи жана Сирия, Ливия, Йемен, Ирак башта болгон бир топ өлкөнү алдан тайдырды. Түркия менен бирге Сауд Арабия, Иран жана Египет сыяктуу аймактын салттуу күчтөрү энергияларын өздөрүнүн коопсуздугун түзүү үчүн жумшады. Бириккен Арап Эмирликтери менен Катар сыяктуу кичинекей Перс булуңу өлкөлөрү да бул процессте чарчады. Израиль күн сайын өзүнө карата коркунучтар күч алса да  бул процесстин жеңүүчүсү катары көрүнүүдө. Бир тараптан Арап өлкөлөрү өз ара бөлүнүп - жарылып, алсырап,  аймактагы эки маанилүү атаандаш Иран жана Түркия Сирия боюнча өз ара прокси согушуна киришти. Эми жаңы мезгилдин эшигин ачуу аракети жүрүп жатат.

Мындай кадам күтүлбөгөн жерден алгач Түркия менен БАЭ ортосунда болду. Арап жазынан кийин дээрлик бардык аймактык башаламандыктарда бетме - бет келген эки актер акыры макулдашууну тандашты. Израиль менен Бириккен Арап Эмирликтеринин ортосундагы нормалдашуу процесси болсо, өткөн күндөрдө Израилдин премьер  - министринин Бириккен Арап Эмирликтерине жасаган сапары менен туу чокусуна жетти. Тарыхта биринчи жолу Израилдин премьер  - министри Бириккен Арап Эмирликтерине барып бир алгачкыга кол койду. Бенеттин сапарынан мурда Катар Түркиянын президенти Эрдоганды тосуп алды. Эрдоган, Катардын Түркия үчүн канчалык маанилүү экенин, аймактын маанилүү стратегиялык өлкөсү менен болгон эки тараптуу карым – катнаштарынын стратегиялык мазмунун сактай турган бир сапар менен баса белгиледи.

Дохага  Сауд Арабиянын муракер принци Мухаммед Бин Селман да сапар менен барды. Сапар 2017 -  жылдагы Катар блокадасынан кийин болгон нормалдашуу процессинин дээрлик туу чокусу болду. Сауд Арабия жана Ирандын ортосундагы нормалдашуу аракеттери менен Түркия  -  Египет жана Түркия  - Израиль ортосундагы нормалдашуу аракеттерине да көңүл бурула турган болсо аймакта жаңы бир макулдашуу мезгили ортого чыгышы мүмкүн. Бирок  күтүүлөрдү жогору коюу туура эмес. Мунун бир нече себептери бар.

Биринчиси, нормалдашуу аракеттери дүйнөлүк масштабдагы атаандаштык күчөгөн маалда пайда болду. АКШ - Кытай жана Россия - Батыш ортосундагы атаандаштык күн өткөн сайын карама-каршылыкка айланып бараткан учурда системалуу башаламандыктын аймакка оң таасирин тийгизиши мүмкүн эмес. Ушунун негизинде башка бир жагдай болсо АКШнын көңүлүн Кытайга буруп, Жакынкы Чыгышты барган сайын өз алдынча калтырган бир аракеттин ичине кириши. Байден башкаруусу мунун тескерисинче билдирүүлөрдү жарыяласа да Афганистанда болгондор Жакынкы Чыгыштагы актерлор үчүн сабак мүнөзүндө.

Экинчи маанилүү маселе, аймактык масштабдагы көйгөйлөр дагы эле чечиле элек. Ливия, Ливан, Йемен жана Ирак, өзгөчө Сирия сыяктуу өлкөлөр ыктымалдуу кагылышуу сценарийлердин арасында биринчи орунда турат. Демек, кагылышуунун  бүткөнүн айтуу али эрте. Дагы бир маселе, кагылышуунун  саясий күрөш фронтунда консенсустун жок болушу.

Үчүнчү, бирок эң маанилүү маселе - Ирандын атомдук саясаты бүдөмүк бойдон калууда. Вена сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыгышы үчүн Тегеран эпке эмес, жол берүүгө барышы керек. Маселе чечилбеген сайын Израилдин Иранга карата аскердик чечүүчү жол табуу үчүн Лондон, Вашингтон жана Перс булуңун бир линияга алып келүү ыктымалы күчөп баратат.  Бул ыктымалдыктын согуштук кагылышууга айланып кетүү коркунучу аймак үчүн нормалдашуу климаты толугу менен жок болот дегенди билдирет.

Натыйжада, нормалдаштыруу - бул милдеттүү жана кошумча болгон процесс, бирок анын көптөгөн кемчиликтери бар.



Тектеш кабарлар