Ливияда жакындап келе жаткан шайлоо

СЕТАнын коопсуздук  жана изилдөөлөр  боюнча директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1736340
Ливияда жакындап келе жаткан шайлоо

Ливияда декабрь айында өткөрүлүшү пландалган шайлоо жакындаган сайын өлкөнүн ичиндеги тирешүү күчөй баштады. Шайлоо өткөрүлөбү, кандай шайлоо процесси иштей турганы, шайлоо округдарынын аныкталышы, талапкерлердин аныкталышы сыяктуу көптөгөн белгисиздиктен улам жаңы процесс пайда болду.    Ливиядагы тараптар тышкы кысым жана мыйзамдуулук санаасы менен шайлоонун болушун каалап жатат бирок  шайлоонун кандай шарттарда өткөрүлөрү белгисиз. СЕТАнын коопсуздук  жана изилдөөлөр  боюнча директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.    

Шайлоо процессинде Хафтер жана колдоочусу мамлекеттердин дагы алдыга чыгышын күтүүгө болот.   Хафтердин Америка жарандыгына карабастан Ливиянын президенттикке талапкер болушу кызыктуу бир абал катары күн тартибинде. Анткени  Ливия шайлоо мыйзамы кош жарандыгы бар адамдардын шайлоодо талапкер болушуна жол бербейт. Ушул себептен Хафтердин таасири астындагы борбору Тобрук болгон парламент бир мыйзам ээ болушу керек болгон формалдуу маселелерди четке кагып процедураны эске албастан  шайлоо мыйзамын чыгарууга аракет кылды.

Күтүлгөндөй элдин өкүлү болгон башка бир орган Триполидеги Жогорку мамлекеттик кеңеш бул мыйзамды таныбагандыгын жарыялады. Өзгөчө  кеңештин төрагасы Халид Ел Мышри сүйлөгөн сөзүндө шайлоонун керектүүлүгнө басым жасап, техникалык жактан шайлоонун мүмкүн эместигин эске салды жана Хафтер сыяктуу актерлордун президент болушун кабыл алышпай тургандарын билдирди. Сөзүнүн акырында да шайлоону бойкот кылуугу чакыруу салды. Бул абал Триполи тарабында шайлоого карата бир бойкоттун күн өткөн сайын дагы жогорку ыктымал экендигин көрсөтүүдө.

Булардын баарына кошумча катары Триполидеги актерлордун арасында орток бир талапкер тууралуу бир макулдашуу түзүлө элек. Ушундай абалда Каддафинин уулу Сейфулисламдын президентикке талапкер болгонун жарыялашы жаңы бир талкуу жаратты. Өзүн Чыгыш менен Батыштын ортосундагы  альтернатив бир талапкер катары көрсөткөн Сейфулислам элди да шайлоого катышууга үндөдү. Хафтердин кылган кылмыштарына карабастан президентикке талапкер болушу кабыл алынган бир чөйрөдө Сейфулисламдын талапкерлигине коомдун кандай мамиле кылганы ачык маселе. Айрым аймактарда эбак эле нааразычылык митингдери уюштурулду жана эл Сейфулисламдын талапкерлигинин кабыл алынгыс экендигин айтты.

Ливияда шайлоонун болушу же болбошу, өткөрүлө турган болсо да  мыйзамдуу болуп саналышы же саналбашы сыяктуу альтернативдүү мамилелер азыр да белгисиздигин сактап жатат. Бирок бул шайлоо Ливияда жаңы бир процесстин башталышына себеп болуп жана бул кагылышууларды кайрадан козгой тургандай көрүнүүдө. Анткени Хафтер өз аймагында куралдардын көлөкөсүндө шайлоочулардын добуш беришин жакындап изилдеп бул аймактардан сөзсүз жеңиш менен чыгууну каалайт. Куралдардын көлөкөсүндө эркин бир шайлоонун болушун ойлоо мүмкүн эмес. Башка актерлор болсо бул жыйынтыкты кабыл албайт жана шайлоо менен бирге жаңы бир чыңалуу чөйрөсү пайда болот. Бул абал бир канча убакыттан бери болуп келе жаткан ок атышпоону бузушу мүмкүн жана Ливиянын кайрадан хаоско жетеленишине себеп болот. Мындай чөйрөдө Франциянын Париж процесси менен Ливиядагы процесске таасирин тийгизиши  абалды дагы да курчутат. Ливиядагы маселелерди шайлоо чече албайт бирок өлкөнүн тагдырын чечет.



Тектеш кабарлар