Буларды билесиздерби?

Пергамент.

1736368
Буларды билесиздерби?

Чыдамдуу  кагаздын түрү болгон пергаменттин Бергамада табылгандыгын билесиздерби?

Териге жазуу жазууну тапкан Бергама королдугунда папирустан кийин кагаз табылат жана «Бергама кагазы» деп аталат.

Биздин заманга чейинки 2 -  кылымда Египет башкаруусу папирустун экспорттолушуна тыюу салат. Ушул боюнча маалыматтарды сактап калуу жана китеп санынын арттылышына маани берген Бергама королдугу папируска альтернатив катары жазуу материалынын табылышын буйрук кылат.

Мезгилдин китепкана директору жана ошол эле учурда окумуштуу жана адабиятчы да болгон сардестик Кратес менен Иродикос королго эчкинин жана улактын терисинен керилип жана кургатылып даярдалган жазуу материалын алып келишет. Бергама китепканасы менен Александрия китепканасындагы эң көп китепке ээ болуу жарышы пергаменттин табылышына мүмкүнчүлүк түзгөн. Эллендик мезгилде пергамент биринчи жолу Бергамада жасалгандыктын бардык тилдердеги «пергамент» атын ушул шаардан алат. Пергамент жазуу материалынын тарыхы үчүн бир бурулуш жери жана маданий өнүгүүнүн негизги кадамдарынын бири болгон.



Тектеш кабарлар