Сирияга карата аскердик кыймыл күн санап жатат

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1726703
Сирияга карата аскердик кыймыл күн санап жатат

Акыркы мезгилде Сириянын түндүгүндө активдүүлүк күчөгөнү менен өзгөчө түрк куралдуу күчтөрү менен оппозициянын жана ошондой эле террордук уюм ПКК/ЙПГнын байланыш тилкелеринде  катуу кагылышуулар уланууда. Түрк армиясы кээ бир аймактарга жайгаштырылып, түрк жана орус аскердик делегациялары да  ыктымалду аскердик операция үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууда. Tүрк куралдуу күчтөрү  Улуттук Чалгындоо Уюмуна караштуу  куралдуу учкучсуз аба аппараттары да ПКК/ЙПГнын жогорку даражалуу жетекчилерин бутага алган операцияларды жүргүзүүдө.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Президент Эрдогандын эми чыдамыбыз калбады деген түздөн түз Сириядагы ПКК/ЙПГны бутага алган билдирүүлөрүнөн кийин аянттагы кыймылдар да күчөдү. Сириянын түндүгүндө чыгыш жана батыш огунда түрк куралдуу күчтөрү менен Сирия Улуттук Армиясы аймактагы күчүн бекемдеп, бир топ жерде жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

ПКК/ЙПГ элементтери бир тараптан чагымчылдык кылып эл аралык пикрди жаратууга аракет кылып, Түркиянын көзөмөлүндөгү аймактарга карата кол салуу жана террордук иштерин да улантууда. Террордук уюмдун өзгөчө Тель Рыфат, Манбиж, Айн ел Араб, Айн Иса жана Тел Тамир сыяктуу аймактарда активдүү иш алып барганы, туннелдер менен окопторду казып ыктымалдуу аскердик кыймылга даярдык көргөндүгү байкалууда.

Контак линияларында аз да болсо кагылышуулар уланууда. Өзгөчө түрк куралдуу күчтөрү жана Улуттук Чалгындоо Уюмуна караштуу куралдуу учкусуз аба аппараттары аймакта бир топ жерде ПКК/ЙПГнын  элементтерин бутага алып жок кылууда. Аянтта барган сайын абал курчуп, Түркиянын ыктымалдуу аскердик кыймылынын мөөнөтүн орус аскердик делегациялары менен улантылып жаткан сүйлөшүүлөр белгилей тургандай. Эгерде өз ара жеңилдиктер менен келишим түзүлсө, Сириянын түндүгүндө чыгыш-батыш огунда олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, антпесе Түркия - Орусия тиреши өзгөчө Идлибдин түштүгүндө жаңы прокси согушуна айланат. Түркия болсо бир тараптуу түрдүү аймактарда террордук уюм ПКК/ЙПГны бутага алган операцияларды баштайт.

Россиянын Сириядагы негизги позициясы Асад режимин аскердик чечим менен бүт өлкөгө үстөмдүк кылдыртуу жана Түркия менен АКШны Сириядан сүрүп чыгаруу. Бирок Россия бул бул сценарийдин ишке ашпай турганын билет.

Акыр  -  аягында Россиянын рационалдуу түрдө мамиле кылары жана Түркия менен өзүн жеңилүү түрмөгүнөн чыгара турган бир формулага макул дей тургандыгын күтүүгө болот.

Ошондуктан тиешелүү позициясын кайра карап чыгып,  Түркия менен эки өлкөнүн тең өз кызыкчылыктарын коргой турган негизде макулдашуусу керек. Болбосо, өз ара эскалация улана берет.



Тектеш кабарлар