Түркиянын Сирияда  стратегиялык сабыры түгөндү

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

1720396
Түркиянын Сирияда  стратегиялык сабыры түгөндү

Президент Р. Т. Эрдоган акыркы маалыматында Сирияда ПКК/ЙПГнын көзөмөлү астындагы аймактардан келген кол салуулар тууралуу «Эми сабырыбыз калган жок» деген сөздөрдү айтып, жергиликтүү күчтөр менен бирге же жалгыз өзүнүн ПКК/ЙПГге каршы  жаңы аскердик операциялардын жүргүзүлөрүн айтты. Бул билдирүүдөн кийин бардык көңүлдөр кайрадан Сирияга бурулуп, Сочиде бир канча убакыт мурда Эрдоган жана Путиндин ортосунда болгон саммиттин да чечүүчү экендиги айтылууда.  

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Президент Эрдогандын «эми чыдамыбыз калган жок» деген билдирүүсү менен бирге Түркиянын Сирияда ПКК/ЙПГнын колундагы айрым аймактар тууралуу кенен масштабдуу аскердик операция жүргүзүшү күтүлүүдө. Негизинен Түркиянын узун убакыттан бери «стратегиялык бир сабыр» ичинде кыймыл кылгандыгын айтууга болот. АКШ жана Россия менен түзүлгөн келишимдердин тескерисинче ПКК/ЙПГ Түркия чек арасына жакын аймактарда ишин улантууда.  

Террордук уюм ПКК/ЙПГ Түркиянын көзөмөлү астындагы Африн, Азез, Жараблус, Баб, Тель Абяд жана Расул Айн сыяктуу аймактарга кирип террордук кол  салууларды аткарууда. Бул жерлерде түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу элементтер менен Сирия Улуттук Гвардиясына караштуу күчтөрдү бутага алып, бул аймактарда туруксуздукту пайда кылуу үчүн жарандарды да бутага алган бомбалуу кол салууларды ишке ашырууда. Түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук Чалгындоо Уюму Түркияда жана өзгөчө Ирактын түндүгүндө ПККга карата ийгиликтүү операцияларды жүргүзүп, уюмду  жок кылып, ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ болсо АКШ жана Россиянын чатыры астында Түркиянын сабырын сынай турган иштерди жүргүзүүнү улантууда. Бирок Эрдоган да түздөн түз айткандай Түркия үчүн Сирияда чектен ашып өтүлдү. Мындан мурда да аткарылган «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» операцияларында болгондой жаңы бир кенен масштабдуу операцияга даярдык бардай. Бул жерде өзгөчө өткөн жумаларда Сочиде өткөн Эрдоган  -  Путин саммитине да көңүл буруубуз керек. Эки лидер катары жолугушуп Сирия маселесин талкуулашты жана эки тарап жоготуу түрмөгүнөн чыгуу ниетинде экендерин билдиришти. Өз ара позициялардагы оңдоолор жана концессиялар аркылуу орток пикир жаралышы мүмкүн. Бул Идлиб үчүн дагы, ПКК/ЙПГ көзөмөлдөгөн аймактар ​​үчүн да жакынкы келечекте маанилүү натыйжаларга алып келет. Бирок, эгерде эки лидердин аракетине карабастан оң жыйынтык чыкпаса, Россия менен режим күчтөрү Идлибди бутага аларын,Түркиянын бул жерде баш тарттыруучу күч катары жооп кайтарарын, Түркиянын болсо ПКК/ЙПГге карата аскердик операцияларды баштай тургандыгын, Россия менен режимдин болсо баш тарттыруучу күчкө жооп кайтарууга аракет кыларын алдына ала айтууга болот.



Тектеш кабарлар