Анадолунун алгачкылары  - 24. 2021

Ыхлара.

1694933
Анадолунун алгачкылары  - 24.  2021

Жер жүзүнүн географиялык формалары миллиондогон жылдын ичинде пайда болот. Кээде деңиз кургактыкка карай жылса, кээде кургактыкты басымдуулук менен кысып тоолорду пайда кылат. Пайда болушу көптөгөн жылдарды талап кылган көлдөр, дарыялар, түздүктөр бүгүнкү дүйнөбүздү калыбына келтирген. Ар бири жандуулар үчүн баш тартылгыс турмуштук аянтты түзөт, ушулардын жардамы менен дүйнөдөгү турмуш улантылат. Адамдар да азыктануу, баш калкалоо, коргонуу сыяктуу негизги муктаждыктарын ушул аянттардын жардамы менен камсыздайт.

Анадолу географиясында да дарыялар адамдар үчүн абдан маанилүү орунга ээ болуп келген. Айланасында дүйнө тарыхына из калтырган цивилизациялар пайда болгон. Вулкандык тоодон атырылган лаваларды он миңдеген жылдын ичинде эрозияга алып келген Мелендиз өзөнүнүн орду башка. Анткени Мелендиз өзөнү адамдар жашаган, дүйнөнүн эң ири каньондорунун бири болгон Ыхлара капчыгайын пайда кылган.

Ыхлара капчыгайынын ичинде аккан Мелендиз өзөнү... Көптөгөн жылдар ичинде шамалдын да таасири менен туфтан пайда болгон тоо тектерди эрозияга учуратып, бири биринен кызыктуу формаларды ортого чыгарат. Бийиктиги 100 метрди ашкан бул каньон, дүйнөдө  аз кездешкен уникалдуу жаратылыш жана тарыхый байлыкка ээ. Адамдар эрте мезгилдерде отурукташа баштаган капчыгай, миңдеген жылдын ичинде түрдүү маданияттардын жолугушуу жерине айланат.  Аксарайдын Гүзелюрт  районунда жайгашкан капчыгай, бир табият керемети катары билинет бирок ошол эле учурда үч чоң көкө диндин бири болгон христинадыктын жайылышында чоң роль ойнойт. Анткени христиандыктын алгачкы жылдарынан  тарта маанилүү бир диний борбор болгон Кападокиянын эң жашыруун жана эң жакшы корголоочу отурукташуу жерлеринин бири Ыхлара капчыгайы.

Капчыгайды курчаган аскалардын оңой эле формага келиши адамдардын жүздөгөн чиркөө жана турмуштук аянт түзүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Табиятта басууну кааласаңыз, 14 километр узундуктагы Ыхлара капчыгайынын Ачык аба музейине, 400гө жакын тепкич менен түшсөңүз болот. Жапжашыл болгон капчыгайда Мелендиз өзөнүнүн жанында басып, 80 000ге жакын адам жашаган жүздөн ашуун чиркөөнү, 16 манастр жана башка турмуштук аянттардын изин көрүүгө болот. Азыркы күндө баары болбосо да аймактын геологиялык өзгөчөлүгүнүн саясында аскаларга оюлган Эгриташ, Сүмбүллү, Йыланлы жана Кокар сыяктуу 12 чиркөөгө барып көрө аласыз. Аскаларга оюлган тактап айтканда дубалдарга тартылган сүрөттөрү менен чиркөөлөрдү, уникалдуу маданий жана тарыхый казынаны көрүп чыксаңыз болот.

Эгриташ чиркөөсү, абдан чоң храм жана капчыгайдын эң эски чиркөөлөрүнүн бирөөсү. Эки кабаттуу жана фресктер менен кооздолгон чиркөөнүн бүгүн бир бөлүгү гана жашап калган. Фресктер эскиргени менен жандуу жана көп түстүү болушу менен көргөндөрдү таң калтырууда. Инжилде орун алган темаларды жана аркы дүйнөгө байланыштуу фресктери менен алдыга чыккан башка бир курулуш да Йыланлы чиркөөсү. Ыхлара капчыгайы бүткөн жерде болсо жолу акырына чыккандар пери морулары менен бирге Селиме собору, дин адамдары жетиштирилген жана алгачкы бийик үндүү сыйынуу болгон жер болушу менен да көңүлдөрдү бурууда.

Ихлара капчыгайы негизинен  ал пери морулары, үңкүрлөрү жана мурунку цивилизациялардын издерин алып жүргөн атмосферасы менен Кападокия аймагынын бир бөлүгү. Кападокиянын тарыхы хеттыларга чейин созулат бирок эң көп да зулумчулуктан, өлүмдөн качкан алгачкы христиандардын баш калкалоочу жери катары билинет. Коргонуу жана жаңы бир динди жаюу үчүн аймакка келгендер жер астындагы шаарларга жайгашкан. 150дөн ашуун жер астындагы шаары бар экендиги болжолдосо да 36сы гана ачыккан чыгарылган.

Жер астындагы шаарлар капысынан жасалган чабуулдар жана кол салуулар сыяктуу коркунучтуу учурларда, кыска убакытта жер астында коргонууга мүмкүнчүлүк берген. Бул шаар адамдар коопсуз жашашы үчүн керек болгон бардык нерсе ойлонулган архитектуралык керемет. Бөлмөлөр, ашканалар, дүкөндөр, суу кудуктары, аткана жана чиркөөлөр тар коридорлор менен туташкан. Бөлмөлөр сырттан келген кол салууларга каршы чоң жана оор тегерек таш менен жабылган. Желдетүүчү морулар, ысынуу жана канализация системалары болсо бул шаардын болбосо болбосторунан. Бул жер астындагы шаарларды көрүп, таасирленбей коюу мүмкүн эмес. Жердин үстүндө башка бир турмушту жашоо мүмкүнчүлүгү болуп туруп, диндери үчүн бул тар чөйрөдө, күн  көрбөстөн  жашагандардын чечкиндүүлүгүнө суктанбай коюу мүмкүн эмес.

Жер астындагы шаарлардын эң белгилүү жана эң көп зыярат кылынган жерлери Деринкую, Каймаклы жана Татларин. Деринкую  жер астындагы шаары хеттылар курган, Кападокиянын эң көрүнүктүү шаарларынын бири. Бул жер астындагы шаар 12 кабаттан турат жана тереңдиги 50 метрге жетет! Маалым болгондой, шаарда бир убакта 50 миң адам жашай алат. Эбегейсиз чоң болгон Деринкую жер астындагы шаарда мыкты желдетүү системасы, миссионердик мектеп, баш калкалоочу жайлар, суу кудуктары жана зындан бар. Эксперттер 3- кабатта аныкталган он чакырымдык туннелдин Каймаклы жер астындагы шаарына туташкандыгын айтышууда.  

Каймаклы жер астындагы шаарын хеттылар курган. Ал кезде шаар эки кабат болгон, бирок христиандар бул жерге отурукташкандан кийин алты эсе дагы көп оюлган. 5000 адам жашаган шаарда аткана, мүрзө, чиркөө жана тамак – аш кампасы да бар.

Каймаклы Деринкую жер астындагы шаарынын жарымына барабар болгону менен, абдан маанилүү шаар катары белгилүү.

Татларин - жер астындагы шаарлардын эң чоңу. Бул жерде көп сандаган  чиркөө,  тамак  - аш кампасы жана чоң бөлмөлөрдүн болушу монастрь комплеки экендиги болжолдолууда.  Эки кабат гана болгон шаарды башкаларынан айырмалаган нерсе туалеттердин болушу.

Жер астындагы шаарлардын тургундары эгиндерин жана кургак тамак - аштарын асканын ичиндеги кампаларда сактап, суусун жер астындагы сууларынан алышкан жана бул шаарларды инженерия жана архитектура боюнча өз доорунан алда канча мурун долбоорлошкон. Технологиясыз доордо жер астындагы шаарлар кантип эң сонун курулгандыгы бүгүнкү күнгө чейин табышмактуу.

Көзгө көрүнбөгөн элестер, азаптар, берилгендик, дин үчүн жер үстүндө жашоодон баш тартуу жана жер астында жашоого ыктыярдуу болуу... Жер астындагы шаарларды кыдырып, булар жөнүндө ойлобой  коюу мүмкүнбү?

Түркия үнү райдиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар