Буларды билесиздерби?

Стамбулда бир карикатура жана сатира музейинин бар экендигин билесиздерби?

1680549
Буларды билесиздерби?

 

Музей 1975 -  жылы Карикатуристтер коомунун демилгеси менен Стамбул муниципалитети тарабынан ачылган бирок 1980 -  жылы жабылат. 1989 -  жылы ачылган  Карикатура жана сатира музейи Түркиянын коомдук тарыхын документтештирген бир маданий тажрыйбасын түрдүү иш – чаралар менен  күнүбүзгө чейин алып келди.  Өзгөчө башка  өлкөлөрдөгү ушундай мекемелер менен байланышта болгон музейде жеке же топтук көргөзмөлөр аркылуу дүйнөлүк карикатура искусствосунун белгилүү ысымдары да таанытылууда. Музейде бир адистин көзөмөлүндө полиграфиялык цехте иштөө  мүмкүнчүлүгү да  бар.

Музейде түрк карикатурасынын башталышынан азыркы күнгө чейинки баскычтары мисалдар жана документтер менен таанытылган бөлүм да бар. Түрк жана дүйнө сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган жана жайылтылган бөлүмдө ай сайын жок дегенде бир көргөзмө ачылат. Китепкана бөлүмүндө ушул темалар боюнча мультфильмдер, юмор, Түркияда жана дүйнөдө жарык көргөн басылмалар бар. Китепкананын архив бөлүгүндө эски же бүгүнкү түрк жана эл аралык карикатурачылардын эмгектери бар.



Тектеш кабарлар