Ден-соолуктун башаты-13

Ковид-19 вирусу менен күрөшүүдө Түркиянын тажрыйбасы...

1667063
Ден-соолуктун башаты-13

        Ардактуу окурмандар “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Ковид-19 вирусу менен күрөшүүдө Түркиянын кадамдары жана ийгиликтери тууралуу кеп кылабыз.  

      

        Адамзат тарыхынын ар бир мезгилдеринде бардык коомду камтыган ири тыныгуулар болуп келген. Бул тарыхый процесстер чоң толкундарды жаратып, коомдорго чоң таасирин тийгизген. Чындыгында, ар кандай жолдор менен жашообузга кирген мындай жаңылыктар адамзат тарыхын өзгөртүү күчүнө ээ болгон. Мына ушул сыяктуу дүйнөлүк масштабда адам жашоосун өзгөрткөн Ковид -19 эпидемиясы адамзаттын жаңы кадамына жол ачты. Негизинен эле мурунтан эле дүйнөлүк же мамлекеттер ортосундагы согуштан да өткөн коркунучтуу жана массалык жоготууларга алып келген нерсе эпидемия болгону маалым. 21-кылымдын оор жоготууларына себеп болгон Ковид-19 эпидемиясы 2019-жылынын аяк жактарында Кытайдын Вухан шаарында чыгып дүйнөгө тез арада жайылган. Бул вирус түрү жалгыз эле ден соолукка зыянын көрсөтпөстөн, коомдун системалуу жашоо түрүн да өзгөрттү. Мына ушундан улам Ковид-19дун адам жашоосуна кийинки үч негизги божомолду алып кирди. Биринчиси, эпидемия - ден соолук системасын гана эмес бүтүндөй жашоонун нугун өзгөрттү. Экинчиден, эпидемиядан кийин жашообуздагы бир топ нерсе муруңкудай уланбайт. Ал эми үчүнчүдөн, дүйнө эми жаңы нормалар менен жашоону улантат. Джон Хопкинс университетинин расмий маалыматтарына караганда, 2019-жылдын аягынан башталган эпидемиянын айынан азыркы убакытка чейин 3 жарым миллиондон ашык киши каза тапты. 2020-жыл бүтүндөй дүйнө эли карантин менен жашоосун өткөрдү. Мындай абал күнүмдүк жай жашоодон баштап оболу медицинага, кийин саясатка, социалдык-экономикалык абалга, психологияга өтө терең таасир этти. Ири өлкөлөр менен кичи өлкөлөрдүн бул вируска берген күрөшү негизги маселелери болду.  Мына ушул абалдан Түркиянын клиникалардында замамбап медициналык жабдуулары менен талапка ылайык иштеп вируска каршы күрөшүүдө өз күчүн көрсөтө алды. Бул учурда дүйнөдө коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонду. Окумуштуулардын бир жылдан ашуун убакыт аракети менен азыркы тапта бул вирустун вакцинасы табылып эмдөөлөр башталды. Коронавируска каршы эмдөө эки дозадан туруп, азыр Түркияда “Бионтек” жана “Синовак” аттуу вакциналар активдүү колдонулууда. Эмдөө боюнча статистикага караганда Түркиянын эмдөө иши ийгиликтүү жүрүп жатканы маалыматтарда айтылып келет. Алгач ден соолугу кооптуу болуп эсептелген улуу кишилерге башталган эмдөөлөр ийгиликтүү аяктап, азыркы тапта он сегиз жаштан өйдө бардык мекендештерине жана ошондой эле чет элдик жарандарга бекер эмдөө жүргүзүлүп жаткан учуру. Күнүмдүк оор жоготуулар азайып айыккандардын саны өсүүдө. Карантинтин катуу талаптары менен мына ушундай ийгиликке жетишкен өлкөлөрдүн бири болгон Түркия, коронавируска каршы күрөшүүдө өз ийгилигин жаратты десек жаңылышпайбыз. Дагы да болсо жаңы норма менен жашоонун жолдорун изилдеген Түркия мамлекети күнүмдүк коронавирус статистикасын так маалымдап, эмдөө ишин улантып келүүдө. Азыркы тапта 47 миллион киши эмделип булардын ичинен 14 миллиону экинчи эмдөөсүн алышты. Мына ушул ийгиликтер өлкөнүн нормалдашуу процессин илгерилетип үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда пандемиядан муруңку абалга кайтуу пландалууда.

        Эми пандемиянын аркасынан дүйнө жүзүндө адамдар өздөрүнө жана табиятка аяр мамиле кылууга маани берерине ишенебиз. Ар бир өлкөдө калктын саламаттыгын күчтөндүрүү, азык-түлүк коопсуздугун карап чыгуу жана коомдун жашоосундагы олуттуу четтөөлөрдү калыбына келтирүү боюнча кызмат көрсөтүү системасын күчтөндүрүүгө умтулушаары божомолдордордун алкагында.

         Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда Түркиянын коронавируска каршы күрөшүүдөгү абалы боюнча кеп болду. Баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган  Назгүл Кадырова.

 



Тектеш кабарлар